00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:57
2 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
13:05
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Эми бир дагы бала документсиз калбайт. Кыргызстан балдарды каттоодо жаңы программаны ишке киргизди
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Наркы миллиард сомго чукул. УКМК Кызыл-Кыядагы эки жер тилкени кайтардыБишкекте "АгроТехЭкспо-2024" агроөнөржай жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөтКыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулугун жогорулатты алдыда кененирээкКыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулугун жогорулатты. Алар компьютер менен иштөө, Google тиркемелерин окуу процессинде колдонууну үйрөнүштү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, окуу курстун максаты - мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды натыйжалуу пайдалануу. Окутуунун жалпы тематикасы педагогдордун ишмердүүлүгү үчүн эң зарыл болгон багыттарды камтыды. Бул - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, Microsoft Office топтому жана интернет технологиялар. Педагогдор окутууда компьютер менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн, сабактарда интернетти колдонууну, окуу материалдары менен өз алдынча иштөөнү, Microsoft Wordдо документтерди түзүү жана редакциялоону, презентацияларды түзүү, Google-продуктыларын билим берүү процессине интеграциялоону үйрөнө алышты.
Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 3,61 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, ал жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен өткөн. "Кызыл-Кыяда муниципалитеттин балансына наркы 681 миллион сомдон ашкан 36 миң 106 чарчы метрлик имараттары менен жер тилкеси кайтарылды. Анын аянты 3,61 гектар. Мындан тышкары, баасы 280 миллион сомдук, аянты 3,5 гектар жер мэриянын балансына кайтарылды", — деп жазылат маалыматта. Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтарууну улантары кошумчаланды.
Бишкекте салык кызматкерлери унаа ээлеринин транспорт салыгын төлөгөн-төлөбөгөнүн текшерүүдө Рейд Кайгуул күзөт кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Эртең, 24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөрүн Бишкек мэриясынан кабарлашты. «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери байланыштуу темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсүндө, — темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсүндө суу өчөт.
Үстүбүздөгү жылы 18-20-октябрь аралыгында Бишкек шаарында республикалык "АгроТехЭкспо-2024" агроөнөржай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "АгроТехЭкспо-2024" бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөнүн негизги максаты – агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0