00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдөЫсык-Атада айыл чарба жерин сатып жиберген. Милициянын экс-жетекчиси кармалдыСадыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуштуалдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда тоо демилгелерин ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндөгү максаттар боюнча кеп козголду. Жапаров мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу аймак үчүн климаттык көйгөйлөрдү белгиледи. Ал БУУнун энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча региондук борборду түзүү демилгесин колдоого чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады. Муну менен катар президент тоо күн тартибин илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, БУУну 2027-жылы өтө турган экинчи "Бишкек+25" глобалдык тоо саммитин даярдоого катышууга жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн "БУУ-Тоолор" эл аралык платформасын түзүүгө чакырды.
Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, салыкчылар патрулдук милиция менен биргеликте айдоочуларды текшерүүдө. Салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Ысык-Атада айыл чарба жерин мыйзамсыз сатып, эс алуу борборун курган делип райондук милициянын мурдагы башчысы менен жайыт комитетинин мурдагы өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы былтыр документти жасалмалап, райондук милициянын мурдагы башчысына аталган айылдагы эки гектар жерди мыйзамсыз берген. Бул жерге эс алуу үчүн коттедждер курулуп, эс алуу борбору уюштурулган. Документтерди жасалмалоо, объектилерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча жерди саткан киши менен милиционер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Камчы Көлбаевдин карамагындагы уюмга кирген топтун кылмыштуу ишине бөгөт коюлганын Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түрмөдөгү эки адам үчүнчүсүн опузалап бир миллион сом талап кылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, А.О. жана Т.А. аттуу эки жаранга айыбы угузулган. Тергөө уланууда.
Россиянын "Знание" коомунун лекторлору Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүшөт. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланган. Маалыматка ылайык, иш-чаралар "Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы Жеңишибиздин 80 жылдыгы" долбоорунун алкагында уюштурулат. Анын максаты — тарыхты бурмалоого каршы туруу жана Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүү. "Иш-чаралар 2024-жылдын октябрь жана ноябрь айларында Кыргыз-Россия Славян университетинде, Жусуп Баласагын атындагы КУУда, "Эпсилон" орто мектеби менен "Дидактика" коомдук фондунда болот. Лекциялар тарыхый достукту жана кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле "Студенттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу борбору" коммерциялык эмес уюму бул иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0