00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как ЕАЭС готовится к сезонным вспышкам инфекций
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Бляшки, тромбы и риск инсульта: кардиолог о том, что нужно знать каждому
14:05
60 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Фильм «Унчукпа» - как снять триллер на реальных событиях
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
19:06
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Таштандыны туура эмес жерге ыргыткандар видеокөзөмөл менен тез табылууда

© Sputnik / Арууке АмирдиноваБишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын Свердлов районунун бөлүм башчысы Жусуп Жакыпов
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын Свердлов районунун бөлүм башчысы Жусуп Жакыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2024
Жазылуу
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын Свердлов районунун бөлүм башчысы Жусуп Жакыпов борбордогу белгиленбеген жерге акыр-чикир таштагандарды аныктоого орнотулган видеокамералар жардам берип жатканын айтты.
Белгиленбеген жерге таштанды ыргыткан жарандар көбүнчө Курманжан датка/Ереван көчөлөрүнүн кесилишинде, "Аламүдүн" базарынын айланасында жана Жибек Жолу проспектинде катталууда. Бул тууралуу Жусуп Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Таштандыны туура эмес жерге ыргыткандар видеокөзөмөл менен тез табылууда
Анын айтымында, таштанды менен күрөшүүдө элге түшүндүрүү иштери таасир этпей жатат.
"Муниципалдык инспекциянын инспекторлору күн сайын рейд жүргүзүп, уруксатсыз жерге таштанды таштагандарды аныктап келет. Түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлүп, айып пулдар салынат. Ушул жылдын башында Свердлов районунда белгиленбеген жерге таштанды ыргытылган 31 аянтча бар болчу. Инспекторлор рейд жүргүзүп отуруп, анын 10го жакыны жоюлду. Аталган райондогу уруксатсыз таштанды таштоочу жайдын 12сине видеокамера орнотулган. Анын жардамы менен Жибек Жолу/Керимов, Курманжан датка/Ереван көчөлөрүнүн кесилишинде, "Аламүдүн" базарынын айланасында мыйзамсыз жерге калдыктарды ыргыткандар аныкталып, эскертүү берилди. Айрымдарына айып пул салынып, таштанды жайлар толугу менен жоюлду. Видеокөзөмөл аркылуу уруксатсыз жерге таштанды таштагандарды бат таап жатабыз. Мурда бир аз кыйын эле. Инспекторлор бул жайларда күнү-түнү күзөттө турушчу. Эми телефондон карап эле аныктап коюшат. Таштанды менен күрөшүүдө түшүндүрүү, эскертүүлөр таасир этпей жатат. Андан көрө ошол аймактагы бир-эки тургунга айып пул салып койсок натыйжалуу болууда. Кооптонуп таштабай калышат экен", — деди Жакыпов.
Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0