00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Новые самолеты, аэропорты и проверка ИКАО: какие изменения происходят в гражданской авиации Кыргызстана
18:11
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Хакасиянын алакасын чыңдоого ири салым кошуп жаткандар
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Между строк
Мечты и реальность: как утопии превращаются в антиутопии
20:11
48 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши инвестицияны көбөйттү. График

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана ЕАЭБдин желектери. Архив
Кыргызстандын жана ЕАЭБдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2024
Жазылуу
2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсүнө айланган. Sputnik ЕАЭБ мамлекеттери республикага салган акчанын көлөмү канчалык жогорулаганына баам салып көрдү.
Интеграциянын артыкчылыктарынын бири катары эксперттер инвестициянын көбөйүшүн айтып келишет. Sputnik Кыргызстан Улуттук статистика комитетинин республикага келген түз инвестициялар боюнча маалыматтарын карап, акчанын көлөмү ЕАЭБге киргенден кийин жогорулаганын аныктады.
Статком 1995-жылдан тарта 2024-жылдын I кварталына чейинки маалыматтарды берген. Дагы бир маанилүү учур — мында Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр 2015-жылдын башында башында башталганын инвесторлордун көбү билгендиктен ЕАЭБдин доорун ошол убакыттан тарта эсептей баштайбыз.

Сандар

1995-жылдан тарта 2024-жылдын мартына чейин Кыргызстанга Россиядан 2 миллиард 21,4 миллион долларлык түз инвестиция келген. Анын ири бөлүгү — 1 миллиард 574,2 миллиону 2015-жылдан тарта которулган.
© Sputnik_InfographicsЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген түз инвестиция
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген түз инвестиция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2024
Бул мезгил аралыгында Казакстандан 1 миллиард 622,7 миллион доллар түз инвестиция келген, карай келгенде анын 462,3 миллиону 2015-жылдан берки жылдарга туура келет. Өтө аз көрүнгөнү менен бир нерсеси бар. Инвестициянын жарымынан көбү — 893,6 миллион доллар 2006-2009-жылдары келген, калган учурларда 52,3 миллион, кээде андан да аз акча келип турган. Эми ЕАЭБге кошулгандан кийинки максималдуу көрсөткүчтөрдү алалы: 2021-жылы 65,6 миллион доллар, 2022-жылы — 90,5 миллиондон бир аз көбүрөөк, 2023-жылы 101 миллион сомдон көп инвестиция келген.
Бул убакыт аралыгында Беларустан 56,3 миллион доллар которулган, мында 2015-жылдан 2024-жылдын I кварталына чейин 45,5 миллион доллар акча салынган.
Армениядан 306,1 миң доллар келген, анын үчтөн бир бөлүгү (192,2 миң) 2021-2024-жылдарга туура келет. Негизи эле бул өлкөдөн инвестиция туруктуу болгон жок. 1996-жылы 400 доллар которулуп, кийин 2007-2009-жылдары токтоп калган. Акча 2021-жылдан тарта гана салына баштап, ушу күнгө чейин уланууда. Мында да акча көп келген мезгил Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандан кийинки учуруна туура келгенин көрүүдөбүз.

Жыйынтык

1995-жылдан быйылкы март айына чейин Кыргызстанга Евразиялык экономикалык биримдиктен келген түз чет элдик инвестиция 3 миллиард 700,7 миллион долларды түзгөн.
Анын :
1 миллиард 618 миллиону — 1995-жылдан 2014-жылга чейин;
2 миллиард 82,2 миллиону — 2015-жылдан 2024-жылдын I кварталына чейин салынган.
Башкача айтканда, биримдикке кошулганга чейинки 20 жыл ичинде инвестициянын көлөмү уюмга кирген тогуз жыл үч ай ичиндегиге караганда аз болгон.
ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын бардык тармагында кандай өзгөрүү болгонун да билсеңиз болот.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Желекьтери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2024
Кыргызстан ЕАЭБге кирген 9 жылда эмнеге жетишти? Жыйынтыкка сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0