00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан ЕАЭБге кирген 9 жылда эмнеге жетишти? Жыйынтыкка сереп

© Sputnik / Жоомарт УраимовЕАЭБ өлкөлөрүнүн Желекьтери. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Желекьтери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2024
Жазылуу
Тогуз жыл ичинде республика кандай өзгөрүп, алдыда эмне күтөрүн Sputnik баяндамачысынын материалынан окуп билүүгө болот.

Тарыхый тандоо

2015-жылдын август айын эгемен Кыргызстандын тарыхындагы чоң бурулуштун мезгили катары кароого толук негиз бар. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчөлүк соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык өзгөрүүлөрдүн нугун аныктап, кийин мунун баары уюмдун аймагында адамдардын ары-бери эркин жүрүп, товар, кызмат жана капиталдын эркин жүгүртүлүшүн камсыздаган процесстин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Экономикалык көз караштан алып караганда 9 жылда кандайдыр бир секирик жасалды деп айтууга болбостур, анткен менен бул мезгил туруктуу экономикалык өсүүнүн учуру болуп, сооданын көлөмү, өнөр жай өндүрүшү кеңейгенин, инвестиция көбөйгөнүн эч ким жокко чыгара албайт.
ЕАЭБге кирип жаткан маалга кылчайып, ошол кездеги татаал экономикалык, саясий абалды эске алуу менен жыйынтыкка сереп салууну эп көрдүк. Ал учурда Кыргызстан башынан экинчи революцияны кечирип, негизги өнөктөштөр менен болгон сооданын көрсөткүчү ылдыйлап, товарлардын реэкспорту жайлап кеткен эле. Буга кошумча, коңшу мамлекеттердин чек арадагы көзөмөлү күчөп, мунун баары социалдык чыңалууну шарттап, өлкөлөр аралык диалогду оорлотуп келген. Ошол ыргак менен Кыргызстан узакка созула турган экономикалык, керек болсо саясий кризиске да оңой эле батып кетмек. Ал эми андай окуялар бизде эмне менен бүтөрүн жакшы эле билип калдык.

Сандар сүйлөсүн

Калыстык үчүн жогорудагы мезгил Россиянын экономикасы начарлаган маалга туш келгенин айта кетүү керек. Мигранттардан келчү акча азайып, экспортко суроо-талап төмөндөп кеткен эле. Алсак, 2014-жылы Кыргызстандан Россияга болгон экспорт 2013-жылга салыштырмалуу 20 пайызга азайып, башка факторлорду да эске алганда жалпысынан бюджет дефицити ал жылы 4 пайызды, 2015-жылы ИДПнын 7 пайызын түзгөн.
Анткен менен ЕАЭБ курамындагы мезгилде ички дүң продукция 3,9 пайызга өскөнү маалым. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан биримдик ичинде бюджети профицит менен аткарылып, 13,5 миллиард сомду түзгөн жалгыз мамлекет болуп калды. Жалпы жонунан тогуз жыл ичинде ИДП үч эсеге жогорулаган. Мында мамлекеттик бюджеттин кирешеси өсүп, тышкы сооданын көлөмү жогорулап, экспорт, ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода кеңейген. Андан тышкары, уюм ичинде адамдардын ишке орношуу шарты жеңилдеп, жумушчулар менен алардын үй-бүлөсү үчүн социалдык жана медициналык кепилдиктер жакшырган.
2023-жылы мигранттардан 2,7 миллиард сом келген, бул 2015-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көп сумма. Экономисттердин айтымында, жалпысынан ала келгенде Кыргызстандын ЕАЭБге киргендеги эң чоң утушу макроэкономикалык стабилдүүлүктүн сакталышы жана экономикалык өсүш болду.

Интеграцияны жектөө

Кыргызстан ЕАЭБге евразиялык интеграцияны кулчулукка теңеп, европалык интеграцияны жакшылыктын жарчысы катары кабылдаган Батыш мамлекеттеринин кысымы күчөп турган маалда киргенин айта кетели. Евразиялык интеграция процесс катары дайым Батыштын сынына кабылып келген. Мурунку Советтер Союзунун аймагында соода-экономикалык, өнөр жай жана өндүрүштүк байланыштардын калыбына келтирилишин алар каалабайт.
Батыштагы өнөктөштөрдүн түшүнүгү боюнча, ар тараптуу экономикалык жана саясий кызматташуунун бардык түрү Батыштын жетеги менен, "баарына туура келген" эреже-нормасы менен жүрүшү керек. Мындан улам Россия катышкан интеграциялык процесстердин баары "үстөмдүгүн орнотууга аракет" же СССРди калыбына келтирүү далалаты катары кабылданып келет. АКШ, балким, кансыз согушта жеңип, Советтер Союзун ыдыраткан чыгар, бирок элдердин арасындагы тарыхый, маданий байланышты, алака, карым-катышты үзө алган жок. Анын үстүнө мурунку мамилени калыбына келтирип тим болбостон, аны өнүктүрүп-өстүрүү канчалык пайдалуу экенин акыл-эстүү адам жакшы түшүнөт.
Батыш көпкө чейин, мүчө мамлекеттердин абалы жакшырганы айкын боло баштаганга чейин ЕАЭБди саясий долбоор деп атап келди. 2000-жылдары маалымат мейкиндигинде Евразия экономикасында Кытай үстөмдүк кылчу тарап, ал эми Россия коопсуздуктун кепилдиги катары гана айтылып келсе, 2017-2018-жылдары кырдаал кескин өзгөрдү. Россия ЕАЭБдин негизги экономикалык кыймылдаткычы катары бүтүндөй Евразияны жаңылап, өзүнүн ролун жогорулата алды. Ушу тапта ЕАЭБ менен Кытайдын "Бир жол — бир алкак" долбоору соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорт багытында бири-бирин толуктап, колдоп-коштоп турат.
Эл аралык мамилелер боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты, Т. Усубалиев фондунун алдындагы Саясий изилдөөлөр институтунун директору Эсен Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2024
Пресс-борбор
Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки гана вектору бар. Кыргызстандык эксперттин пикири

Регионалдыктан глобалдуулукка

Азыр ЕАЭБ Россия, Беларусь жана Казакстан менен чектелет деген батыш аналитиктеринин божомолун жылмаюу менен эстейсиң. Ар кыл экономикалык байланыштардан улам бирикме экономикалык изоляцияга тушугат деп кыйкыргандар да ушулар болчу.
"Борбор Азияга байланыштуу долбоорлордун" келечеги тууралуу улам кайталай бербейли, бирок алардын сөзүнө ЕАЭС курамындагы беш мамлекеттин (Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения) Вьетнам, Сингапур, Сербия жана Иран менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашууга жетишкенин айтып жооп берүүгө болот. Ушундай эле сүйлөшүүлөр азыр Монголия жана Индия менен да жүрүүдө, мындан тышкары, жакынкы аралыкта биримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси да талкууланып жатат. ЕАЭБ БРИКС менен да өнөктөштүк мамилесин өнүктүрүп, анын географиясын эске алуу менен экономикалык кызматташууну глобалдуу деңгээлге чыгарууда. Евразиялык экономикалык биримдик саясаттан тышкаркы экономикалык мамилелер негизин түзгөн жаңы, көп полярдуу дүйнө түзүлүшүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып бара жатат.

Жөн эле идея эмес

Евразиялык экономикалык биримдик жамааттык Батыш үчүн узак мөөнөттүү жана идеологиялык кооптуулук жараткан уюм катары кабылданып келген. Биринчиден, либералдык-демократиялык идеологияга альтернатива болсо, экинчи жагынан кызматташуу жана биримдикке мүчө мамлекеттердин өз ара алакасынын алкагындагы евразиялык интеграциянын долбоору катары каралган. Эки учурда тең Евразия Европа менен Азия-Тынч океан регионунун ортосундагы көпүрө сымал көп полярдуу дүйнөнүн маанилүү аянтчасына айланууда. Азыр аны идеология эле эмес, экономика, соода, энергетикалык ресурстар жана коопсуздук жаатында да көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы улам кеңейип жаткан процесстерге эле эмес, Евразиядагы коопсуздуктун жаңы архитектурасын түптөө боюнча талкуунун башталышы менен да байланыштуу.

Келечек

Кыргызстан Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле узак убакыт бою регионалдык жана эл аралык-саясий процесстердеги ордун, ролун издеп келген. Муну менен бирге чакан мамлекеттер тушукчу тоскоолдуктардан да кабары бар эле. Негизи эле көз карандысыздыгынын, маданий өзгөчөлүгүнүн, иденттүүлүгүнүн сакталышы боюнча маселелер, ошондой эле келечегине тынчсыздануу кайсы гана өлкөнү болбосун дүйнөлүк процесстердеги ордун аныктап-тактоого түртөт.
Кызматташуунун ар тараптуу формалары улуттук кызыкчылыкты көздөп, баалуулуктарды сактоочу майнаптуу каражаттардын бири экени шексиз. Жалпы маданиятка, жалпы тарыхка таянып негизделген интеграциялык бирикмелер тууралуу сөз болгондо бул өзгөчө маанилүү фактор болуп саналат.
ЕАЭБ Кыргызстандын өз маалында жасалган стратегиялык тандоосу, ал өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн узак мөөнөттүү шарттарды түзүп берүүдө. Ошентсе да ЕАЭБ ушу тапта ырааттуу өнүгүп, дүйнөдөгү экономикалык жана саясий абалга таасирин тийгизүүгө жарап калган уюм экенин аңдап түшүнүү зарыл. Өлкөнүн ЕАЭБ алкагындагы тышкы саясатынын ишке ашырылышы Кыргызстандын глобалдуу экономикалык жана саясий процесстерге катышуу мүмкүнчүлүгүн улам кеңейте бермекчи.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2024
Батышка теңтайлашып. Евразиянын жаңы жарандык коому алган багыт
Жаңылыктар түрмөгү
0