00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Олимпийские игры в Париже — 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920
Олимпиада оюндары — 2024
Кезектеги, XXXIII жайкы Олимпиада Парижде 26-июлдан 11-августка чейин болот. Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Жергиликтүү спортчулар тарыхта биринчи ирет Олимпиада оюндарына 10 жолдомо утуп алды.

Өлкө тарыхындагы эң жемиштүү Олимпиада: Париждеги оюндар эмнеси менен эсте калды

© AP Photo / John LocherБоксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасында
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2024
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар баш-аягы алты медаль утушту. Бул эгемендүүлүк алгандан берки Олимпиада оюндары боюнча жемиштүү сапар болду.
Кечээ Парижде XXXIII жайкы Олимпиада салтанаттуу жабылды. Sputnik Кыргызстан ири спорттук иш-чарадагы эң кызыктуу учурларды топтоштурду.
Бул эгемендүүлүк алгандан берки Олимпиада оюндарындагы жемиштүү мезгил болгондуктан, Париж Олимпиадасы кыргызстандыктардын эсинде көпкө чейин унутулбайт.
XXXIII жайкы Олимпиададан байге менен келчү уул-кыздарыбыз:
Күмүш медалды Мээрим Жуманазарова (эркин күрөш), Мунарбек Сейитбек уулу (бокс) алып берди. Коло медалды Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова утту. Ошентип алты медалдуу болдук. Дагы бир мисал, өлкө көз карандысыздык алгандан тарта спортчулар Кыргызстандын куржунуна Олимпиададан 13 медаль салышса, анын жарымы быйылкы Париждеги Олимп оюндарынан келип түштү.
© AFP / LUIS ROBAYO

Күмүш медал ээси Мээрим Жуманазарова

Күмүш медал ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
1/6

Күмүш медал ээси Мээрим Жуманазарова

© AP Photo / John Locher

Күмүш медал ээси Мунарбек Сейитбек Уулу

Күмүш медал ээси Мунарбек Сейитбек Уулу  - Sputnik Кыргызстан
2/6

Күмүш медал ээси Мунарбек Сейитбек Уулу

© AFP / PUNIT PARANJPE

Коло медал ээси Жоламан Шаршенбеков

Коло медал ээси Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
3/6

Коло медал ээси Жоламан Шаршенбеков

© Photo / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Коло медал ээси Акжол Махмудов

Коло медал ээси Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
4/6

Коло медал ээси Акжол Махмудов

© Photo / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Коло медал ээси Үзүр Жусупбеков

Коло медал ээси Үзүр Жусупбеков - Sputnik Кыргызстан
5/6

Коло медал ээси Үзүр Жусупбеков

© AP Photo / Eugene Hoshiko

Коло медал ээси Айсулуу Тыныбекова

Коло медал ээси Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
6/6

Коло медал ээси Айсулуу Тыныбекова

1/6

Күмүш медал ээси Мээрим Жуманазарова

2/6

Күмүш медал ээси Мунарбек Сейитбек Уулу

3/6

Коло медал ээси Жоламан Шаршенбеков

4/6

Коло медал ээси Акжол Махмудов

5/6

Коло медал ээси Үзүр Жусупбеков

6/6

Коло медал ээси Айсулуу Тыныбекова

Дагы белгилей кетүүчү учур, эгемендүүлүккө ээ болгонубуздан бери тарыхта биринчи ирет бокс боюнча күмүш медаль алдык. Ошентип бул ийгилиги менен Мунарбек Сейитбек уулу тарыхта калды. Ал былтыр дүйнө чемпионатында коло медаль алып, анда да тарыхта биринчи болгон.
Дагы бир өзгөчөлүк катары медалдардын оңой жол менен келбегенин белгилесек болот.
Айсулуу Тыныбекова жаракатынан толук жакшы боло албай жатып Парижге намыс талашууга аттанган. Аны өзү да президент менен сүйлөшүп жатканда бутундагы таңууну Олимпиадага барар алдында гана чечкенин айтып берген.
Күмүш медалдын ээси Мээрим Жуманазарова да куландан соо болуп бара алган эмес. Эгерде керек деп айтылып келе жаткан операция жасалганда Олимпиадага катыша албай калат эле. Ага чейин бир нече турнирлерге баруудан баш тарткан.
Дагы бир калпыстык — Мунарбек Сейитбек уулу жеке машыктыруучусуз барып, рингге чыкканда ага башка өлкөнүн — Өзбекстандын адиси секундант болгону. Булгаары мээлейчен көптөр үчүн күтүүсүздүк тартуулап, кийинки кармашууга чыкканда Спорт департаментинин башчысы секунданттык кылган. Ал бир нече жыл бокс менен машыгып, жаштар арасында чемпиондукту утуп жүргөн, 2004-жылдагы Олимпиаданын катышуучусу, эл аралык класстагы чебер.
Белгилеп кетүүчү дагы бир маанилүү учур — медалдык көрсөткүчтө грек-рим күрөшү боюнча курама команда Иран менен Кубадан гана артта калып, үчүнчү орунду ээледи.
Бул оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстанда Олимпиаданын эки жолку байге ээлери пайда болду. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова. Буга чейини Токио Олимпиадасында коло жана күмүш медаль тагынышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан курама командасы Олимпиада ачылыш аземинде
Олимпийские игры в Париже — 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2024
Кыргызстан курама командасы Олимпиада ачылыш аземинде

Кыргызстандын жалпы эсептеги орду

Интернеттиги ачык маалыматтарга таянсак, бул оюндарга 206 олимпиадалык ассоциациянын өкүлдөрү катышса, алардын 91и байге менен кайткан.
Алдыңкы үч орунду АКШ, Кытай жана Япония ээледи. Бул эсеп менен алганда биздин мамлекет (Түндүк Корея менен бирге) 68-орунду ээледи. Тагыраагы, жыйынтыктарды эсептей келгенде 137 мамлекеттен жогору чыкты. Белгилей кетсек, алтын медалы жок өлкөлөр арасында Кыргызстан бешинчи орунда (Түндүк Корея менен бирге).

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында канчанчы орунда

Спортчулар жана медалдардын саны боюнча натыйжалуулугун эсептей келгенде төмөнкүдөй болду:
Өзбекстан (13-орун) — 13 медаль;
Казакстан (43-орун) — 7 медаль;
Кыргызстан (68-орун) — 6 медаль;
Тажикстан (79-орун) — 3 медаль;
Түркмөнстан — медаль алган жок.
Бул сапар кыргызстандык спортчулардын сапары майнаптуу болду. Париждеги Олимпиада оюндарына Кыргызстан 16 спортчусун аттандырса, алардын алтоо байге менен келди. Салыштыруу үчүн айтсак, Казакстандан 80 спортчу барып, жети медаль (бир алтын, үч күмүш, үч коло) менен кайтышты.
Биздин дагы бир коңшубуз Өзбекстан 90 спортчу жиберип, 13 медаль (сегиз алтын, эки күмүш жана үч коло) алышты. Бирок акыйкаттык үчүн 90 атлеттин ичинде футбол командасы (22 киши) болгонун белгилеп кетүү керек.
Социалдык тармактарда Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстан спортчулар/уткан медалдардын көрсөткүчү боюнча биринчи орунду алганы жазылган таблицаны бөлүшүп жатышат.
XXXIII жайкы Олимпиаданын медалдары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2024
Олимпиада оюндары — 2024
Парижден спортчулар эмне менен келе жатат, жеңгендерге канча сомдон каралды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0