00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүрзаков: айыл өкмөттөр тургундарга 32 берене менен айып салууга укуктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков. Архив
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2024
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков административдик-аймактык реформанын негизинде айыл өкмөттөрүндө муниципалдык ишканалар түзүлөрүн айтты.
Административдик-аймактык реформанын негизинде муниципалдык ишканалар айыл өкмөттөрүндө да иштей баштайт. Алар аткарган кызматы үчүн акы алат. Мисалы, ошол эле таштандыны чыгарганына кадимкидей тариф коюлат. Анын тарифин айылдык кеңештер бекитип берет. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып жасады.
Өмүрзаков: айыл өкмөттөр тургундарга 32 берене менен айып салууга укуктуу
Анын айтымында, муниципалдык ишканалардын аткарган кызматына тарифти ошол жердин шартына жараша ар бир айылдык кеңеш өзү чечет. Башкача айтканда, бир айыл өкмөтүндөгү муниципалдык ишкана аткарган ишке коюлган баа кошуна айыл өкмөттө таптакыр башкача болуп калышы ыктымал.
"Административдик-аймактык реформанын негизинде муниципалдык ишканалар түзүлөт. Мындай мекемелер мурда шаарларда эле иштеп келсе, эми айылдарда да колго алынат. Алар тазалык, жашылдандыруу иштерин аткарышат. Мурдагыдай мугалим, медик же окуучулар көчө тазалаган учурлар болбойт. Жайыт, суу жана башка ушул сыяктуу бардык аймактык ресурстарга болгон тарифтерди жергиликтүү кеңештер аныктап берет. Тургундар ошого жараша төлөп, кызматтан пайдаланышат. Мындан сырткары, эми айыл өкмөттөрүндө саламаттык сактоо тармагындагы жана коомдук тартипти жөнгө салуу, алдын алуучу иштерди жүргүзгөн адистер болот. Ошондой эле ар бир айыл өкмөтүндө бирден юрист иш алып барат. Анткени жер, суу жана башка маселелер менен соттошпогон айыл өкмөттөр жокко эсе. Айыл өкмөттөрдүн милдеттери ошол бойдон эле калат. Ал эми укуктарына келсек, Бузуулар кодексинде каралган 32 берене боюнча айыл өкмөттөр мыйзам бузулган учурларда айып сала алат. Бирок айылдарда баары бири-бирин тааныгандыктан айыл өкмөттөр эскертүү берүү менен эле чектелип, көбүнчө айып пул салбай келишет. Ал эми негизинен айыл өкмөттөр бул укуктарынан колдоно алат", — деди Өмүрзаков.
Ал ошондой эле ар бир айыл өкмөттүн өзүнүн координациялык комиссиясы түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0