https://sputnik.kg/20240731/khamastyn-bashchysy-ismail-khaniya-olturuldu-1087478275.html
ЖМК: ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Хания Тегеранда өлтүрүлдү
ЖМК: ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Хания Тегеранда өлтүрүлдү
Sputnik Кыргызстан
Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан. 31.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-31T09:37+0600
2024-07-31T09:37+0600
2024-07-31T12:37+0600
дүйнөдө
израиль
палестина
иран
тегеран
өлүм
аткылоо
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1f/1087478391_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9f49671e681f5000d8c1de8c9799abed.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеран шаарында өлтүрүлдү. Бул туурасында РИА Новости Mehr агенттигине таянып жазды.Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты.Ханиянын өлүмү боюнча башка малыматтарды жаза элек.Эске салсак, буга чейин Газа тилкесине жасалган чабуулдан анын үч уулу менен бир нече небереси көз жумган. Ал кезде Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген.
https://sputnik.kg/20240731/izrail-armiyasy-beyrutka-chabuul-koydu-1087476334.html
израиль
палестина
иран
тегеран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/1f/1087478391_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_b1a793883b29343f6cd098dd6a649b79.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, палестина, иран, тегеран, өлүм, аткылоо
дүйнөдө, израиль, палестина, иран, тегеран, өлүм, аткылоо
ЖМК: ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Хания Тегеранда өлтүрүлдү
09:37 31.07.2024 (Жаңыртылды: 12:37 31.07.2024) Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеран шаарында өлтүрүлдү. Бул туурасында
РИА Новости Mehr агенттигине таянып жазды.
"Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлдү", — деп айтылган.
Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.
ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты.
Ханиянын өлүмү боюнча башка малыматтарды жаза элек.
Эске салсак, буга чейин Газа тилкесине жасалган чабуулдан анын
үч уулу менен бир нече небереси көз жумган. Ал кезде Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген.