Газадагы чабуулда ХАМАС лидеринин уулдары жана неберелери каза тапты

© AP Photo / Vahid SalemiХАМАС кыймылынын аталган аймактагы саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания
ХАМАС кыймылынын аталган аймактагы саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2024
Жазылуу
Исмаил Ханияга Түркиянын, Ирандын, Палестинанын башчылары көңүл айткан.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Газа тилкесине жасалган чабуулдан палестиналык ХАМАС кыймылынын аталган аймактагы саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын үч уулу менен бир нече небереси көз жумганын РИА Новости билдирди.
Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген.
Исмаил Ханияга Түркиянын, Ирандын, Палестинанын башчылары көңүл айтты. Буга чейин Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну бир нече ирет "канкор" жана "баш кесер" деп атаган. Ал өзүнүн саясий карьерасын улантуу жана Израилде ага карата башталган сот процессинен кыйгап өтүү үчүн Газа тилкесинде геноцид жасаганын белгилеген. Анкара ХАМАСты террордук уюм деп таануудан баш тартканын кошумчалаган.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кеткен. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилде, өкмөттүн акыркы маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза таап, 5 миңден ашууну жарадар болгон. Ал эми Газа тилкесинде 33,4 миңдей адам набыт болуп, 76 миңден ашуун киши жаракат алган.
Тель-Авивде өкмөткө каршы митингдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2024
Израилдин борборунда миңдеген адам митингге чыгып, эки талап койду
Жаңылыктар түрмөгү
0