https://sputnik.kg/20240715/1087028812.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталдыБУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандын резолюциясын кабыл алдыОш, Жалал-Абад жана Баткен облустарында... 15.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-15T13:00+0600
2024-07-15T13:00+0600
2024-07-15T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0f/1087028680_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8b617edb06e6e2eee8824760ea49a2c7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталдыБУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандын резолюциясын кабыл алдыОш, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир топ жолдор жабылды алдыда кененирээкНөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел эң көп катталган Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда жабык жолдор: Жалал-Абад — Казарман — 63-98-чакырымдар аралыгы; Ноокат — Араван — 9-чакырымы, Мырзаке — Кара-Шоро — 49-51-чакырымдар аралыгы; Бул жолдордо бир тараптуу каттам берилди: Ак-Терек — Папан — Кожокелең — 1-чакырымы; Ош — Төлөйкөн — 7,4 жана 8,5-чакырымы; Топ-Жаңгак — Кара-Суу, Тамаша — Кызыл-Булак — 7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы; Бишкек — Ош — 660-чакырымы; Ош — Баткен — Раззаков — 63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы; Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там — 42-44-чакырымдар аралыгы. Азыркы тапта бир тараптуу каттам берилген жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Ошто сел агызып кеткендердин ичинен дагы бирөөнүн сөөгү табылганын ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ак-Буура дарыясы Катта-Терек аймагынан өткөн жерден (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин сөөгүн табышкан. Учурда анын ким экени такталууда. Эске салсак, жамгырдан улам, Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Сел жалпы беш адамды агызып кеткен. Анын арасынан кечээ бир кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Учурда 350дөн ашык куткаруучу калган үчөөнү издеп жатышат.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу бүгүн башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, тандап алуу беш тур менен өтөт. I тур – 15-20-июль: талапкерлерди каттоо — 15-17-июль; каттоону аяктоо — 17-июль саат 14:00; окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин; абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин.
Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 11-июлда Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилер институтун колдоо максатында демилге кылган жана алдыга койгон резолюциясын бир добуштан кабыл алды. Бул туурасында ТИМден билдиришти. Кыргызстандын элчиси Омар Султанов долбоордун максатын айтып берди. "Кеңеш тарабынан институтту (улуттук кеңешчилерди) тереңирээк түшүнүү Женевада өкүлчүлүгү аз өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө басым жасоону күчөтүп, алардын адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүгө, зарыл консультациялык жардамды берүүгө кепилдик берет", — деген дипломат. Кабыл алынган резолюция Кыргызстандын эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө жана өнүгүп келе жаткан, чакан жана аралдагы өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган адам укуктары боюнча кеңештин тышкы саясатынын гармониялуу уландысы экени белгиленген.
Өлкөдө жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталдыБУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандын резолюциясын кабыл алдыОш, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир топ жолдор жабылды алдыда кененирээкНөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел эң көп катталган Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда жабык жолдор: Жалал-Абад — Казарман — 63-98-чакырымдар аралыгы; Ноокат — Араван — 9-чакырымы, Мырзаке — Кара-Шоро — 49-51-чакырымдар аралыгы; Бул жолдордо бир тараптуу каттам берилди: Ак-Терек — Папан — Кожокелең — 1-чакырымы; Ош — Төлөйкөн — 7,4 жана 8,5-чакырымы; Топ-Жаңгак — Кара-Суу, Тамаша — Кызыл-Булак — 7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы; Бишкек — Ош — 660-чакырымы; Ош — Баткен — Раззаков — 63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы; Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там — 42-44-чакырымдар аралыгы. Азыркы тапта бир тараптуу каттам берилген жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.Ошто сел агызып кеткендердин ичинен дагы бирөөнүн сөөгү табылганын ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ак-Буура дарыясы Катта-Терек аймагынан өткөн жерден (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин сөөгүн табышкан. Учурда анын ким экени такталууда. Эске салсак, жамгырдан улам, Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Сел жалпы беш адамды агызып кеткен. Анын арасынан кечээ бир кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Учурда 350дөн ашык куткаруучу калган үчөөнү издеп жатышат.Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу бүгүн башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, тандап алуу беш тур менен өтөт. I тур – 15-20-июль: талапкерлерди каттоо — 15-17-июль; каттоону аяктоо — 17-июль саат 14:00; окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин; абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин.Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 11-июлда Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилер институтун колдоо максатында демилге кылган жана алдыга койгон резолюциясын бир добуштан кабыл алды. Бул туурасында ТИМден билдиришти. Кыргызстандын элчиси Омар Султанов долбоордун максатын айтып берди. "Кеңеш тарабынан институтту (улуттук кеңешчилерди) тереңирээк түшүнүү Женевада өкүлчүлүгү аз өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө басым жасоону күчөтүп, алардын адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүгө, зарыл консультациялык жардамды берүүгө кепилдик берет", — деген дипломат. Кабыл алынган резолюция Кыргызстандын эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө жана өнүгүп келе жаткан, чакан жана аралдагы өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган адам укуктары боюнча кеңештин тышкы саясатынын гармониялуу уландысы экени белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0f/1087028680_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c5f541f4174af381745af56193a2908e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио