https://sputnik.kg/20240714/kyrgyzgidromet-sinoptik-aba-yrayy-1086995046.html
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Синоптиктер 14-17-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында сел жүрөрүн эскертүүдө. 14.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-14T10:39+0600
2024-07-14T10:39+0600
2024-07-14T10:39+0600
кыргызгидромет
аба ырайы
синоптик
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0d/1086994880_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_e3d043554b7a6fbfc52133f719300370.jpg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 20-июлга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.Синоптиктер 14-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.Бишкекте жума ичинде 19-июлдан башка күндөрү өткүн өтүп, күр күркүрөп турат. Абанын температурасы 32...35 градуска чейин ысык болот.Чүй жана ТаласАймактарда апта боюнча жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Синоптиктер 14-июлда айрым жерлерде нөшөрлүү жамгыр жаай турганын айтууда. 16-июлга чейин айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору божомолдонду. Чүйдө күндүз күндүн табы 35 градуска чейин, Таласта 33 градуска чейин ысыйт.Ош, Жалал-Абад жана БаткендӨлкөнүн түштүк жергесинде 14-июлда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлүүдө. Аптанын калган күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде катуу шамал болот. Үч аймакта тең жуманын соңунда күн ысып, абанын температурасы 38 градуска чейин чыгат.Ысык-Көл жана НарынБул региондордо дагы бүгүн, 14-июлда, нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлүүдө. Жалпысынан апта жаан-чачындуу болот. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт. Ысык-Көлдө термометрдин көрсөткүчү күндүз 30 градуска чейин чыкса, Нарында 28 градуска чейин көтөрүлөт.
https://sputnik.kg/20240614/iyulga-karata-aba-yrayy-1086087711.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0d/1086994880_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_c423e6316421303bdc2a3fed43f173b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызгидромет, аба ырайы, синоптик
кыргызгидромет, аба ырайы, синоптик
Нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бир жумага карата аба ырайы
Синоптиктер 14-17-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймагында сел жүрөрүн эскертүүдө.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 20-июлга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.
Синоптиктер 14-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бишкекте жума ичинде 19-июлдан башка күндөрү өткүн өтүп, күр күркүрөп турат. Абанын температурасы 32...35 градуска чейин ысык болот.
Аймактарда апта боюнча жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Синоптиктер 14-июлда айрым жерлерде нөшөрлүү жамгыр жаай турганын айтууда. 16-июлга чейин айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору божомолдонду. Чүйдө күндүз күндүн табы 35 градуска чейин, Таласта 33 градуска чейин ысыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенд
Өлкөнүн түштүк жергесинде 14-июлда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлүүдө. Аптанын калган күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде катуу шамал болот. Үч аймакта тең жуманын соңунда күн ысып, абанын температурасы 38 градуска чейин чыгат.
Бул региондордо дагы бүгүн, 14-июлда, нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлүүдө. Жалпысынан апта жаан-чачындуу болот. 14-16-июль күндөрү айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт. Ысык-Көлдө термометрдин көрсөткүчү күндүз 30 градуска чейин чыкса, Нарында 28 градуска чейин көтөрүлөт.