00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техника тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Маалыматка ылайык, бул техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт. Жапаров 3-4 жылда республика электр энергиясы менен толук камсыздалып, экспортко чыгат деген ишенимин билдирди."Техниканы сатып алууга 180 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды", — деди Жапаров. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, жакынкы аралыкта Кыргызстанга 600 миң эсептегич, 1000 трансформатор алынып, 300 чакырым кабель тартылат.
Салттуу эмес диний багыттар, деструктивдүү агымдар күчөп жатат, аларга каршы илимий күрөш жүргүзүү биздин милдет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлеринин жарым жылдык отчёту угулуп жатканда муфтий Абдулазиз кары Закиров билдирген.Маалыматка ылайык, жыйында ислам динин жамынган радикализм жана экстремизм менен күрөшүү, салттуу эмес агым өкүлдөрүнүн диний мекемелерде иштешине жол бербөө талкууланган.Ошондой эле КМДБнын алдында атайын топ түзүлгөнү, алар аталган чөйрөдөгү айрым көйгөйлөр боюнча иш алып барары кошумчаланды.
Жайкы туристтик сезондун аягына чейин Ысык-Көлдүн айланасындагы мыйзамсыз объектилер алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Sputnik Кыргызстан редакциясында өткөн брифингде билдирди."Мыйзам боюнча, көлдөн 100 метр радиуста эч нерсе болбошу керек. Буфердик зонадагы мыйзамсыз курулуштарды буздурдук. Бардык талаптарды эске алуу менен тургузулган объектилер бар. Аларга тийбейбиз. Буюрса жайкы сезон жайынтыкталгыча бүткөрөбүз", — деди Орунтаев.
Канайым Айгүл Жапарова "Витебскидеги Славян базары" XXXIII эл аралык фестивалынын ачылышына ардактуу мейман катары катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачып, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду. Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 жаштагы Раяна Алибаева катышууда. Ал — улуттук тандоо турунун жана бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү."Славян базары" — 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келген эл аралык искусство фестивалы.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандыны белгиленбеген жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Алар курулуш, тигүү цехтеринин калдыктарын таштагандарды аныктоого жардамчы болот. Эреже бузгандардын видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат. Таштанды челекке "жетпей калган" жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0