00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мүрзөгө эстелик орнотуп айланасын коруп алууга каршы экенин "Ала-Тоо 24" каналынын "Көрүстөн көйгөйү" көрсөтүүсүндө айтканМамлекет башчы өлкөдө түз жер алты пайыз экенин, сөөк коюлган жерлер кийин иштетилиши керектигин белгиледи. Жапаров чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик койгонун айтып берген. Бирок атасы 1990-жылдардын аягында ажыга барып келгенден кийин шарият боюнча эстелик коюуга болбой турганын айтып, эстеликтерди алып койгонун кошумчалады. Өлкө башчы ошондой эле уулу Дастандын мүрзөсүнө эстелик коюлбаганын көрсөтүп, жерге берүү жөрөлгөсүндөгү ашыкча ысырапкорчулук тууралуу дагы кеп кылган.
Өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору болгон. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылгандар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирген.Атайын кызматтын жетекчиси "7-каналга" маек курган. Ташиевдин айтымында, атайын кызмат шектүүлөрдү аракетин баштагандан тарта кайтарууга алган."Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Курал, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип жасаса болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты, баарынын артынан түшүп, видеобайкоолорго жаздырып жүргөнбүз.", — деген Ташиев.Ошондой эле ал булардын артында кандай күчтөр бар экени жана толук максаттары тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болорун кошумчалаган.
Кыргызстан Батыштын Россияга каршы резолюциясын колдогон жок. Анда Россия Запорожье АЭСинин аймагынан аскерлерин чыгарып, аны Киевдин карамагына өткөрүүгө милдеттүү экени жазылган. Эске салсак, документ "Украинадагы өзөктүк объектилердин, анын ичинде Запорожье атомдук электр станциясынын техникалык жана физикалык коопсуздугу" деп аталып, 13 пунктудан турат. Алардын биринде "Россия Запорожье атомдук электр станциясынан өзүнүн аскер кызматкерлерин жана башка персоналдарын шашылыш түрдө чыгарып кетиши керек" деп жазылган. Борбор Азиянын башка өлкөлөрү, БРИКС, Сауд Арабиясы, Египет, Иран, Индонезия, БАЭ БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүүдөн баш тартышты. Каршы пикирин тогуз мамлекет билдирди. Ошентсе да Башкы Ассамблея Украинанын резолюция долбоорун кабыл алды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Новосибирск облусуна барып, губернатор менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Анда Баткен жана Новосибирск облустарынын бир катар чөйрөдө аймактар аралык кызматташуусу талкууланып, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.Мындан тышкары, аймактын бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, кызматташуу макулдашылганы айтылды. Абдикарим Алимбаев Сибирдеги мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университетинин ректору Юрий Зозуля менен жолугушуп, анда ЖОЖдорго Россия өкмөтү тарабынан жыл сайын берилүүчү квотанын алкагында Кыргызстандан IT багытында студенттерди кабыл алуу жана даярдоо маселелери талкууланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0