00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Шылуундар социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана Кыргызнефтегаздын атынан акча берилет, деп жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, алдамчылар белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап колдонушууда. Анда алдамчылар Улуттук банк жана Кыргызнефтегаз менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасы иштелип чыкканын, шилтеме аркылуу катталса 50 миң сом берилерин айтып, элдин башын айлантууда. Катталган адамдардын жеке банктык маалыматтары алдамчылардын колуна түшүү коркунучу бар. Буга байланыштуу башкы банк элге мындай кайрылуу жолдоду. “Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!" - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз индустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди. Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган. Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда. "Кыргыз индустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.
Бишкек шаарында дагы бир катар негизги көчөлөр оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-июлдан тарта Жибек-Жолу кең көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсү жана Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү дагы жабылат. Белгилей кетсек, учурда Бишкекте бир нече көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Алардын катарында шаардын борбордук бөлүгүндөгү Жибек-Жолу, Байтик баатыр, Иса Ахунбаев көчөлөрү да бар. Бишкек мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн багытты алдын ала пландап алууну сунуштады.
Азов бригадасы* Владимир Зеленскийди Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзсө жаман болорун айтып, өлүм менен коркуткан. Бул тууралуу Американын мурдагы чалгын кызматкери Скотт Риттер Dialogue Works Youtube каналындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Азовдун штаб башчысы Зеленскийге "Тынчтык келишими тууралуу ойлонбой эле кой. Ойлонсоң жашооң бүтөт" деген. "Азов"* мурда жасап жүргөндөрү менен эле алек. Тагыраагы, Украина башчысын Вальхалладан башканы тандаба деп өлүм менен коркутууда. Нацисттер Украинаны аягына чейин көзөмөлдөйт. Бул чындык", — деген ал. Риттердин айтымында, нацисттик түзүлүштөр АКШ үчүн өтө ыңгайлуу курал катары кызмат кылат. Бул аларга Киевди көзөмөлдөөгө жана Россия менен күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Өткөн жумада Азов улуттук гвардиясынын штабынын начальниги* Богдан Кротевич социалдык тарма
Жаңылыктар түрмөгү
0