https://sputnik.kg/20240701/kazak-elinen-gumanitardyk-zhardam-keldi-1086565185.html
Ноокатта селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди
Ноокатта селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 01.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-01T09:37+0600
2024-07-01T09:37+0600
2024-07-01T10:56+0600
кыргызстан
кырсык
сел
казакстан
гуманитардык жардам
https://sputnik.kg/img/07e8/04/09/1084091756_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_9d480ad8093bc58648e14abdf2f120a7.jpg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2,7 тонналык жардам 30-июнда атайын рейс менен Ош шаарындагы аэропортко келген.28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан 9 адам каза болду. Акыркы табылган эки бала казакстандыктар экени аныкталган. Казак тарап гумжардам жеткирген учагы менен жарандарынын сөөгүн алып кетет.
https://sputnik.kg/20240630/akylbek-zhaparov-nookat-sel-kesepet-1086562386.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/09/1084091756_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_28b2d20bed5d00bf4c596f8be18e51ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кырсык, сел, казакстан, гуманитардык жардам
кыргызстан, кырсык, сел, казакстан, гуманитардык жардам
Ноокатта селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди
09:37 01.07.2024 (Жаңыртылды: 10:56 01.07.2024) БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2,7 тонналык жардам 30-июнда атайын рейс менен Ош шаарындагы аэропортко келген.
"Гуманитардык жардамдын курамы турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөн турат", — деп жазылган маалыматта.
28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан 9 адам каза болду. Акыркы табылган эки бала казакстандыктар экени аныкталган. Казак тарап гумжардам жеткирген учагы менен жарандарынын сөөгүн алып кетет.