00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеште соцобьектилерди куруу үчүн жерди бир категориядан экинчисине которууга уруксат берген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун депутат Марат Мураталиев демилгелеген. Мыйзамга ылайык, жеке менчикте турган сугат жерди саламаттык сактоо, мектеп, бала бакча, спорттук комплекс, маданият, искусство багытындагы соцобъектилерди жана чакан ГЭСтерди куруу үчүн калктуу конуш категориясына которууга мүмкүн болот. Ал үчүн жеке же юридикалык жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү комиссиясына арыз бериши керек. Анда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жердин категориясы жана өлчөмү, которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Бишкектин тыгын көйгөйүн чечүү үчүн метро куруу муктаждыгы жаралганын айтышты. Алгач Арсланбек Малиев шаарга метро куруу жолун караштырып, ал үчүн Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн инвестор таап, аларга 15-20 жылга өткөрүп, андан соң, Кыргызстан кайра өзүнө алса болор эле деген оюн билдирди.Көп өтпөй Элдар Абакиров Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн күнүмдүк агымы 700 миңге жетерин белгилеп, метро куруу муктаждыгы жаралганын айтты. Эл өкүлү шаардагы дарыялардын астына метро, үстүнө үй курууну долбоорлогон видеону көрсөтүп, бийликке карап көрүүнү сунуштады.Муну утурлай депутат Балбак Түлөбаев учурунда монорельс курууну демилгелегенде шылдыңга кабылганын айтып, бирок бул турмуш талабы экенин билдирди. Ал метродон монорельс арзан түшөрүн белгиледи.Ошондой эле ал бир саатта 150 миң кишини ташый аларын кошумчалады. Мэрия калаадагы тыгын маселесин жоюунун жолдорун издеп келет. Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспекти менен Жибек Жолунан Түштүк магистралына чейин асма жол курулары айтылган.
Кыргызстан "Пушкин күндөрүн" өткөрө баштады Дүйнө бүгүн улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин 225 жылдыгы менен орус тилинин эл аралык күнүн белгилөөдө. Мааракеге Кыргызстан да өзгөчө маани берип, өлкөдө ондогон иш-чаралар өтүп жатат. Кыргыз-Россия Славян университетинде Пушкин күндөрүнүн ачылыш аземи болуп, ага Кыргызстан элдер ассамблеясынын бардык өкүлдөрү келген. **НАТО Жамааттык коопсуздук келишим уюмунундагы мамлекеттерге кирип келүү боюнча иш алып барууда, андан сырткары, аба мейкиндигинде жасалган чагымдар көбөйдү. Бул туурасында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети чогулган отурумда айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунда жаралып жаткан кооптуулук — "НАТОнун экспансиялык саясатынын уландысы". "Жамааттык коопсуздук зонасынын түндүк жана батыш чек араларында альянстын аскерлери көбөйүп, курал-жарактын жаңы системалары жайгаштырылууда. Аба мейкиндигинде чагымчылык өсүүдө. Аскердик машыгуулар арбын өтүп жатат, анын ичинде ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына басып кирүү боюнча жасалгандары да бар", — деген Сергей Шойгу.
Жаңылыктар түрмөгү
0