00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:17
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-май — Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктоосунда жазылган. Мамлекет башчынын айтымында, Чек ара кызматы түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып келет. "Бул маанилүү күнү Мекенибиздин чек арасын коргоодо өз өмүрүн берген бардык жарандарыбыздын жаркын элесин таазим этүү менен эскеребиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт", — деп айтылат маалыматта.
Финансы министрлигинин аймактардагы башкармалыктарынын жетекчилерине өлкөдө чыгарылган автоунаалар берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.Анын айтымында, сунушту президент Садыр Жапаров колдоого алган."Бизде биринчи жолу өзүбүз Chevrolet деген автоунаа чыгаруудабыз. Андан 100 жылдыкка карата финансы башкармалыктарынын аймактардагы жетекчилерине бирден автоунаа берели деп жатабыз. Сунушту президент Садыр Нургожоевич дагы колдоду. Ийгиликтүү болсун, бөөдө кырсыктан тышкары, аман болгула", — деди Жапаров. Эске салсак, бүгүн Чүй облусундагы Кыргыз-өзбек автомобиль заводун ишке берүү пландалган.
Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилет, мындан улам Early One тиркемеси аркылуу алынган талондор 2-июндан баштап жараксыз болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат."Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Түндүк" тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына жайылтылат. Бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Зинин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, тиешелүү текшерүү жана оңдоо иштери соңуна чыгып калды. "Учурда гидровликалык текшерүү иштери жыйынтыкталды. Бул кышында көйгөй жаралбашы үчүн жүргүзүлөт. Иштер графикке ылайык болуп жатат. Бирине чейин жетишишибиз керек", — деген Зинин. Белгилей кетсек, борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта 40 күнгө өчүрүлгөн.
Кечээ Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали менен жолугушту. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда биримдиктин Иран менен кызматташуу боюнча келишими талкууланды. Ага ылайык, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө товарлардын 90 пайызына бажы алымы колдонулбайт.Учурда уюмга мүчө өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат. Тараптар ошондой эле тармактык кызматташуунун келечегин, анын ичинде транспорт жана транзит маселелерин талкуулашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0