https://sputnik.kg/20240524/yeaeb-10-zhyl-kyrgyzstan-1085419436.html
ЕАЭБ ресурстары уюмдун азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздай алат
ЕАЭБ ресурстары уюмдун азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздай алат
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү рынок иштеп, бажы көзөмөлү жоюлуп, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынганы белгиленди. 24.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-24T10:55+0600
2024-05-24T10:55+0600
2024-05-24T11:16+0600
еаэб
кыргызстан
конференция
экономика
https://sputnik.kg/img/07e8/05/18/1085420431_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_858f94879ab1e230284e46af1c194e5a.jpg
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ЕАЭБдин ресурстары уюмга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.Белгилей кетсек, учурда Бишкекте ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.Малаевдин айтымында, ЕАЭБ базасы бар эл аралык интеграциялык бирикме катары ишке ашты.Ошондой эле ал уюмдун алкагында бирдиктүү рынок иштеп, бажы көзөмөлү жоюлуп, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алып салынганын белгиледи."Кыргызстан инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор үчүн жабдууларды пошлинасыз ташып келүүдө жеңилдиктерге ээ болду. Ошондой эле ички рынокто өндүрүш жана керектөө үчүн зарыл болгон 166 товардык позиция импорттук бажы алымдарынан убактылуу бошотулду. Кыргызстан бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө жагымдуу шарттарга жетишти. Өлкөнүн үлүшү 1,9 пайызды түздү", — деди министрдин орун басары.Мындан тышкары, ал бажы постторун, лабораторияларды жабдуу үчүн Россиядан 200 миллион долларга техникалык жардам көрсөтүлгөнүн айтып, өлкө экономикасын уюмга интеграциялоо үчүн 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20240523/yeaeb-menen-mongoliyanyn-ekonomika-1085396483.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/18/1085420431_320:0:1280:720_1920x0_80_0_0_de38b61c5cded5c98dc51cbf5b99947b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, кыргызстан, конференция, экономика
еаэб, кыргызстан, конференция, экономика
ЕАЭБ ресурстары уюмдун азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздай алат
10:55 24.05.2024 (Жаңыртылды: 11:16 24.05.2024) ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү рынок иштеп, бажы көзөмөлү жоюлуп, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынганы белгиленди.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ЕАЭБдин ресурстары уюмга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Малаевдин айтымында, ЕАЭБ базасы бар эл аралык интеграциялык бирикме катары ишке ашты.
"Биримдик иштей баштагандан бери экономиканын бардык тармактарында интеграция тереңдеп, уюмда нормативдик база түзүлдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалы жакшырууда. Келишимди ишке ашыруу, анын ичинде биргелешкен экономикалык чараларды ишке ашыруу уюмдун дүйнөлүк чакырыктарга туруктуулугун камсыз кылат. Биримдиктин ресурстары уюмга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деди Малаев.
Ошондой эле ал уюмдун алкагында бирдиктүү рынок иштеп, бажы көзөмөлү жоюлуп, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алып салынганын белгиледи.
"Кыргызстан инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор үчүн жабдууларды пошлинасыз ташып келүүдө жеңилдиктерге ээ болду. Ошондой эле ички рынокто өндүрүш жана керектөө үчүн зарыл болгон 166 товардык позиция импорттук бажы алымдарынан убактылуу бошотулду. Кыргызстан бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө жагымдуу шарттарга жетишти. Өлкөнүн үлүшү 1,9 пайызды түздү", — деди министрдин орун басары.
Мындан тышкары, ал бажы постторун, лабораторияларды жабдуу үчүн Россиядан 200 миллион долларга техникалык жардам көрсөтүлгөнүн айтып, өлкө экономикасын уюмга интеграциялоо үчүн 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн кошумчалады.