00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас удивили на этой неделе
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жыл соңуна чейин 12 миң батирдин курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503ү кезекте тургандарга берилет. "Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз", — деди мамлекет башчы. Ал бул ипотеканы алуу үчүн кезекте тургандардын катары бузулбай турганын кошумчалады.
Акыркы коңгуроо учурунда коопсуздук күчөтүлүп, шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомство кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, коопсуздукту камсыздашат. "Бүтүрүүчүлөр эч кандай транспорт айдоого укугу жок болуп, атайын кымбат баалуу унааларды жалдашып, ата-энелеринин коштоосу жок жаратылышка, эс алуу жайларына, түнкү клубдарга барып, мас болуп ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдыктар тарабынан болчу жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт посттору коюлуп, унаалар текшерилери кошумчаланды.
Баңгизат сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеме тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Египеттин беш жараны колго түшүрүлгөн. "Алар социалдык тармактар аркылуу баңгизат сатып алып, чет өлкөлүктөрдүн арасында жайылтуу менен алектенгени аныкталган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баңгизат саткан каналдын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камакка алынды", — деп айтылат маалыматта. Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча аракеттер уланып жатканы кошумчаланды.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк аскердик округунда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонуу боюнча даярдык көргөн, көндүмдөрдү жасаган машыгуу башталды. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинен билдиришти. Аны РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысынын тапшырмасы менен Башкы штабдын жетекчилиги өткөрө баштады. Ведомстводон алгачкы этапта бир катар милдеттерди аткарыларын, анын ичинде ыкчам-тактикалык "Искандер" ракеталык-комплекси менен аэробаллистикалык супер үндүү "Кинжал" ракетасы боюнча машыгуулар да болорун айтышты. Коргоо министрлиги мурдараак машыгуу стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу максатында авиацияны, деңиз күчтөрүн тартуу менен Түштүк аскер округунун ракеталык түзүмдөрү менен өтөрү белгилеген. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 15 тыйынга 1 евро 95 сом 79 тыйынга 1 рубль 98 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫБейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Нарын жергесинде +20...+25 градус болот. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөсө, Ошту ала булут каптайт. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0