00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран элчилигине барып көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет жетекчиси Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтырган. Анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. "Садыр Жапаров Эбрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи. Өлкө башчы Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты", — деп жазылат билдирүүдө. Президент тик учактын кыйрашынан каза болгон Ирандын президентин, тышкы иштер министрин жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду. Эскерте кетсек, авиакырсык 19-майда болгон.
"Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди. Учурда аэропорттун иши өз нугунда уланууда. Буга чейин аба майданда саат 15:00дө жарылуу болору кабарланып, жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Эскерте кетсек, мындан алты күнү мурун дагы аба майданга бомба коюлду делип, бирок маалымат тастыкталган эмес.
ШКУ өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатат жана узак мөөнөттүү стратегияга муктаж. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. "Министр ШКУ татаал глобалдык жана регионалдык жагдайда өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын, пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда уюмдун потенциалын пайдалануу үчүн узак мөөнөттүү стратегияга муктаж экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУнун 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуусуна маани берди", — деп жазылат кабарда. Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген. ТИМ башчылары 2024-жылдын июлунда боло турган Астана саммитинин мазмундук бөлүгүн даярдоонун жүрүшүн талкуулап, кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча бир катар чечимдерине кол коюшкан.
Кулпунайдын организмге пайдасы кандай жана анын күнүмдүк нормасы канча экенин Sputnik радиосуна диетолог Александра Разаренова айтып берген. Адис кулпунайды жаңы терилген тейде да, десерт катары даярдап жегенде да организмге көп пайдалуу, ден соолукту чыңдоочу заттарды берерин айткан. "Кулпунай мыкты антиоксидант болгон С витаминине бай, ал иммундук системаны чыңдап, организмге инфекциялар менен күрөшүүгө, темирдин сиңишине жардам берет. Кулпунайдын курамында К, Е жана В6 витаминдери, магний, калий, марганец жана фолий кычкылы бар. Аталган мөмөгө кызыл өң берген антоциан организмдеги сезгенүүлөрдүн төмөндөшүнө жардам берип, жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешин жакшыртып, клеткаларды эркин радикалдардын таасиринен коргойт", — деп түшүндүргөн Разаренова. Диетолог муну менен катар эле кулпунайды ашыкча жегенде зыян алып келерин эске алуу керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0