00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас удивили на этой неделе
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин 550 штатык бирдиги ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди. Ал балдарга карата зомбулук күч алып жатканын, мамлекет бул абалды көз жаздымда калтырбаганын белгилеген. "Биз балдардан эч нерсе аябайбыз. Убагы келсе баары ордуна коюлат. Балдардын жөлөк пулунун өлчөмү дагы көбөйтүлөт. Акыркы убактарда балдарга карата зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылардын көбөйгөнү байкалууда. Мамлекет бул маселени көңүл сыртында калтырбайт. Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан 1-июндан баштап, Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын соцкызматкерлердин 550 штатык бирдигин ачып жатабыз", — деди өлкө башчы. Ошондой эле ал томолой жетим балдар үчүн "Аманат" депозити киргизилгенин, эми ар бир жетим бала 18 жашка чыкканда билим алууга жана ипотеканын баштапкы төлөмү үчүн 500 миң сомдон аларын кошумчалады.
Ошондой эле мамлекет башчы Садыр Жапаров жыл соңуна чейин 12 миң батирдин курулушу башталарын билдирди. Анын айтымында, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503ү кезекте тургандарга берилет. "Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз", — деди мамлекет башчы. Ал бул ипотеканы алуу үчүн кезекте тургандардын катары бузулбай турганын кошумчалады.
Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесинде айтты. Ал белгилегендей, учурда курулушта, тигүү цехтеринде жумушчу күч жетишпей ишкерлер ушул жагынан жардам сурашууда. "Быйыл 100 ишкана ачуу пландалууда. Ошонун алкагында чет жактарда кара жумушта иштеп жүргөн мигранттардын саны эки эсе азаят. Жалал-Абадда ипотекалык компания менен 12ден ашык үй курулууда. Ошол жерге ата-энелери кайрылып, чет жакта иштеп жүргөн курулушчулардын баары келди. Тигүү цехтерге дагы кайра келе баштады. Анткени экономика көтөрүлдү", — деди Жапаров. Ошондой эле ал мыйзамды бузбай иштеп жаткан чет элдиктерге сый мамиле кылуу зарылдыгын кошумчалады. Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Жарылуу болору тууралуу билдирүүдөн соң "Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр эвакуацияланып жатканы белгилүү болду. Аба майдандын маалыматы боюнча, саат 15:00дө жарылуу болору эки саат мурун кабарланган. Учурда жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду. Аэропорт рейстерди кабыл алууда. Эскерте кетсек, мындан алты күнү мурун дагы аба майданга бомба коюлду делип, бирок маалымат тастыкталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0