00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды. Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген. Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полисин талап кылуу каралууда. Эгер мүлк күрөөгө алган тараптын күнөөсү менен бузулса кенемте төлөнбөйт. Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорунда камсыздандыруу милдети транспорт каражаттарынын ээлерине, ошондой эле унаа убактылуу пайдаланууга берилген адамдарга жүктөлөрү кошумчаланган.
Азербайжандык туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Stem аналитикалык борборунун директору Орхан Елчуев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы "Бишкек менен Бакунун жакындашуусу эмнеге алып келиши мүмкүн?" деген аталыштагы видеокөпүрөгө катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө азербайжандыктар Ысык-Көлдө эс алууга кызыкдарбы деген суроо узатылган. "Кызыктуу деп эсептейм. Кыргызстан туристтик жайларга бай. Бул — Борбордук Азиядагы дарыялары, көлдөрү жана тоолуу ландшафты бар кооз өлкөлөрдүн бири", — деди Елчуев. Ал Кыргызстан президентинин Азербайжанга болгон сапарында Бишкек менен Бакунун ортосундагы каттамдарды көбөйтүү маселеси талкууланганын белгиледи. Ошондой эле эксперт Азербайжан тарабынан Ысык-Көлдүн жээгине пландалган беш жылдыздуу мейманкана куруу туризм тармагында байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берет деп эсептейт.
Россия менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен ишенимдүү корголот. Бул тууралуу Владимир Путин Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен кечээ түнү барган. Бул орус лидеринин кызматка киришкенден берки биринчи чет өлкөгө болгон сапары. "Орус-кытай коммерциялык операцияларында рубль менен юандын үлүшү 90 пайыздан ашты. Бул өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен жана дүйнөлүк валюта рыногундагы терс тенденциялардан ишенимдүү корголду деп айта алабыз дегенди билдирет", — деди россиялык лидер. Анын айтымында, соода-инвестициялык байланыштарды тереңдетүүдө Россия менен Кытайдын ортосундагы төлөмдөрдү улуттук валютага которуу боюнча өз убагында макулдашылган кадамдар олуттуу жардам берди.
"Россия — ислам дүйнөсү" тобунун стратегиялык көз караштары азыркы заманда өзгөчө артып, жогорулады. Ал Россия менен Ислам кызматташтык уюмунун ортосундагы мамилелерди колдогон түзүм болуп калды. Бул туурасында Татарстандын президенти Рустам Минниханов KazanForum алкагында өтүп жаткан конференцияда айткан. "Азыркы мезгилде топтун ролу өзгөчө өстү. Россия менен Ислам кызматташтык уюмунун ортосундагы мамилелерди колдогон, кызматташууну арттырган, достукту бекемдеген түзүмгө айланды. Өз ара түшүнүшүү жана ишеним артты", — деди Минниханов конференциянын ачылышында. Анын айтымына, стратегиялык көз караштар тобу — ааламдын деңгээлиндеги диндер аралык диалогдун уникалдуу аянтчасы. Ал руханий-адеп-ахлактык салттарды, Орус православ чиркөөсү менен ислам дүйнөсүнүн диалогун коргоого багытталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0