00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Документ парламенттин сайтына жарыяланган. Мыйзам долбоору менен 2019-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамды күчүн жоготту деп табуу пландаштырылууда. Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзам долбоорун февраль айында министрлер кабинетине сунуштаган. Уран казууга 2019-жылдан баштап тыюу салынган. Министрлик тыюу салуу боюнча мыйзам калктын саламаттыгын сактоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталганы менен документ дүйнөлүк кризис маалында өлкө экономикасы үчүн терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Уран менен торий казууда бийлик экологиялык стандарттарды карманып, заманбап технологияларды киргизип мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү болору белгиленген. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин Кыргызстан өзү иштетерин билдирген. Муну менен миңден ашык жумушчу орун түзүлөт.
Нарын облусунда башталгыч класстардан баштап IT программалары боюнча сабактарды киргизүү тажрыйбаланат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалыматка ылайык, демилгени облуста пилоттук негизде ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигине сунуш берилет. "Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө IT программасын мектептерге киргизүү боюнча жыйын өткөрүлүп, билим берүү тармагынын, IT компанияларынын өкүлдөрү, мектеп директорлору менен бирдикте бул маселе кеңири талкууланды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 2025-жылга чейин Кыргызстанга 50 миңге жакын IT-адис керек экени белгиленген. Демилгенин негизги максаты — аймактарда туруп дүйнө жүзү менен иштешүүгө шарт түзүү.
Бишкекте Пакистандын жарандары тигүүчү цехтерде мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 28 чет элдик жарандын визасынын жарактуу мөөнөтү бүтүп калган. "Документи жок чет элдиктер бренд кийимдерди тигишкен. Тартип бузгандар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилген. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышат", — деди УКМК.
Россия менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен ишенимдүү корголот. Бул тууралуу Владимир Путин Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен кечээ түнү барган. Бул орус лидеринин кызматка киришкенден берки биринчи чет өлкөгө болгон сапары. "Орус-кытай коммерциялык операцияларында рубль менен юандын үлүшү 90 пайыздан ашты. Бул өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен жана дүйнөлүк валюта рыногундагы терс тенденциялардан ишенимдүү корголду деп айта алабыз дегенди билдирет", — деди россиялык лидер. Анын айтымында, соода-инвестициялык байланыштарды тереңдетүүдө Россия менен Кытайдын ортосундагы төлөмдөрдү улуттук валютага которуу боюнча өз убагында макулдашылган кадамдар олуттуу жардам берди. Владимир Путин Си Цзиньпин менен эки өлкө ортосундагы кредиттик жана банктык мекемелер аркылуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө, эки өлкөнүн экономикалык операторлорун тейлөө үчүн улуттук төлөм системаларын жигердүү колдонууга макулдашканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0