00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасында түш ченде жер титиредиАйыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча маалыматка үн каттыСаламаттык сактоо министри БАДдарды колдонууга каршылыгын билдирдиКыргыз-өзбек чек арасында очогунда төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 12:44тө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Күлүк-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча үн катып, бейтап илдет жуктуруп алды делген малдын эти таза экенин билдирди. Мекеменин маалымдоосуна ылайык, Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, союлган малдын этин лаборатория изилдеген. "Болжолдуу жыйынтыгы терс чыгууда. Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр улантылып жатат. Анын жыйынтыгы менен диагноз коюлат. Ошондой эле союлган мал өз учурунда күйдүргүгө каршы эмделген. Жеринде ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Күйдүргүгө каршы вакцина жетиштүү. Бул илдет боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымдаган. Медиктер илдет мал этинен жукканын божомолдоп жатышкан.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биоактивдүү кошулмаларды (БАД) колдонууга каршы экенин айтты. Жогорку Кеңеште депутат Аида Исатбек кызы биоактивдүү кошулмалар коомчулукка кеңири жайыла баштаганын белгилеп, бул боюнча министрдин пикирин сураган. "Мен дарыгер катары буларды колдонууга дайыма каршымын. Азыр аларды менчик фармкомпания, ишканалар сатып жатат. Бул эми бизнес болуп калды. Акча табыш үчүн бардыгын жасашууда. Биз текшерип айрымдарын жаап жатабыз, бирок баарынын ишмердүүлүгүн токтотуп коюуга министрликтин күчү жетпей жатат", — деген министр. Эл өкүлү Бейшеналиевден бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранган. Исатбек кызынын айтымында, биоактивдүү кошулмалар улуттун ден соолугун талкалап жатат. Депутат эл жакшы изилденбеген, сертификациядан өтпөй, мыйзамсыз алып келинген витаминдерди ичип жатканын айтып, калктын ден соолугуна кабатыр болду.
Эгер Батыш мамлекеттери Украина маселесин согуш талаасында чечүүнү кааласа, Москва ага даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавров Федерация кеңешинде анын кызматка кайра дайындалышы боюнча консультацияда билдирди. "Алардын укугу, эгер согуш талаасын каалашса, согуш талаасы болот", — деди дипломат. Лавров Швейцарияда июнда Украина боюнча өтө турган конференция Москвага шарт коюу үчүн гана уюштурулуп жатканын белгилеп, иш-чаранын өзүн "эки алган окуучунун тил укканына" теңеди. Кремль сүйлөшүүдөн эч убакта баш тарпаганын эскертип келет. Анткен менен РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга азырынча эч кандай негиз жок экенин белгилеген. Анын айтымында, абал өзгөрүүлөр эске алынганда гана оңолушу мүмкүн, ал эми Москванын талабы баарына маалым. Владимир Путин Дмитрий Киселев менен маектешип жатып Россия диалогго даяр экенин, болгону ал реалдуулукка негизделиши керектигин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0