00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандан бир грамм алтын уурдалбайт! Садыр Жапаровдун маеги

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын гранулдар. Архив
Алтын гранулдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Президент кокус кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден алтын уурдап кармалса жүз эсе кылып кайтартарын белгиледи.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандан эч ким бир грамм да алтын уурдай албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
Өлкө башчыга журналист "Асхат Осмонов аттуу жаран социалдык тармакта кыргыз алтынын чет өлкөгө жашыруун чыгарып кетишүүдө деген видео таратты. Ал сиздин байкеңиз Сабыр Жапаровду бул ишке тиешеси бар деп айыптоодо. Буга эмне дейсиз?" деген суроо узаткан.
Жапаров өлкөдөн алтын уурдоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.
"Ал видеону көрүп күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөн тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды эч ким уурдай албайт! Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видеокамераларды коюп, баарын онлайн-режимге киргизип койгонбуз. Күнү-түнү видеого тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап отурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө-жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт", — деди президент.
Ал ошондой эле кокус кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден алтын уурдап кармалса жүз эсе кылып кайтартарын белгиледи.
"Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып жатышат. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип жатканда өзүм эле эмес, бир туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсы мекемелерди курушканы, кайсы тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем. Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Кыргызстан алтындан кайсы жылдары кандай пайда көргөнүн санаган:
"Кыргыз алтындан" 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 миллион сомду түзгөн;
2021-жылы дароо 2 миллиард 700 миллион сомго көтөрүлгөн;
2022-жылы 5 миллиард 600 миллион сом;
2023-жылы 12 миллиард 600 миллион сомго жетти.
"Ал эми Кумтөрдүн алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр башка сөз. Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт", — деди ал.
Жапаров жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулай турганын, ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишенүүнүн кереги жок экенин кошумчалады.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Чагым жана каралоо. УКМК "алтын куймалардын" видеосу боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0