00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ийне жутуп, кабыргасы сынып... Акыйкатчы жоокерлердин укугун сактоону талап кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрмияда кызмат өтөп жаткан жоокерлер. Архив
Армияда кызмат өтөп жаткан жоокерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Укук коргоочулар аскердик госпиталга мониторинг жүргүзүп, 15 жоокердин кабыргасы сынып, буту-колу жабыркаганын аныктаган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого чакырды.
Акыйкатчынын маалымат кызматы билдиргендей, аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарын коргоо маселеси курч бойдон калууда. Алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүү талап кылынат.
Укук коргоочулар Коргоо министрлигинин аскердик госпиталына мониторинг жүргүзүшкөн. 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин жалпы 607 киши кайрылган. Алардын 139у — катардагы жоокерлер (21%).

"15 аскер кызматкеринин кабыргасы сынып, буту-колунан ар кандай жаракат алган. Эки жоокер ийне жутуп ооруканада жатат. Ал эми Аскердик прокуратура кээ бир жоокерлер өздөрүнүн этиятсыздыгынан улам жарадар болгонун айтууда", — деди Акыйкатчы институту.

Мониторинг учурунда аскерге чакырылган жоокерлердин госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби медициналык комиссия учурунда өнөкөт же башка оорулары аныкталбай, машыгууда илдеттери курчуп кетиши экени белгилүү болгон.
"Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык комиссияда УЗИ аппараты жок болгондуктан алардын ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт. Мындан сырткары, аскер кызматы учурунда госпиталга ар кандай жаракаттар менен жиберилет. Уставга ылайык, мындай учурда тиешелүү кызматтарга, анын ичинде Аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилиши керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган. Тогуз факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, алты факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен маалым кат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Коргоо министринин орун басары: кыргыз армиясында "дедовщина" жок, кепилдик берем
Жаңылыктар түрмөгү
0