00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Улуттук банк бүгүндөн баштап 5000 сомдук жаңы банкнотаны жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы кабарлап, сүрөтүн жарыялады.Ага ылайык, бул — улуттук валютанын бешинчи сериядагы үлгүсү.Банкнотанын алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү, арткы бетинде "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты сакталган. Купюранын түсү жана өлчөмү өзгөргөн эмес.Акча үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт. Алар, суу белгиси, коргоо тилкеси, бири-бирине дал келген сүрөттөлүш, жашыруун сүрөт, түстөрдүн өзгөрүшү жана жалтырак тилке.Улуттук валютанын бардык банкноталары өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Жаңы 5000 сомдук банкнотанын сүрөтүн сиздер sputnik.kg сайтынан көрө аласыздар.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кыргыз мерген" мамлекеттик ишканасын түзүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомго өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Документтин негиздемесинде аталган мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү бюджетке кирешени көбөйтүү максатында иштелип чыкканы айтылган.Ошондой эле учурда өлкөдө 14,4 миллион гектар аянтта 52 аңчылык анын 41и жеке, 9 коомдук жана 2өө мамлекеттик фирма иш алып барары, бул өз кезегинде жапайы жаныбарлардын популяциясын көзөмөлдөөгө жол ачары белгиленген жана былтыр 240 мыйзам бузуу факты аныкталган.Өкмөттүн 2016-жылдагы токтомуна ылайык конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү менен мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө көпчүлүгүнүн мөөнөтү аяктаган. Эми өкмөт чет элдик аңчылыктан түшкөн каражатты эки эсе көбөйтүүгө көмөктөшө турган мамлекеттик ишкана түзүүнү сунуштоодо.Ошондой эле былтыр аңчылыктан 105 миллион 267 миң 500 сом түшкөнү кошумчаланды.
Өлкөдө жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга койду.Мындай чечимди жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алуу каралган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай турганына ынандырышууда. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган."Кыргызстанда ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат", — деп жазылган документтин негиздемесинде. Республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнү айтылат.
Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага өкмөт башчылык орунга Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында Мамдума төрагасы Вячеслав Володин Telegram каналына жазды. "Президент Владимир Путин Мамлекеттик Думага Михаил Мишустиндин талапкерлигин өкмөттүн төрагалыгына сунуштады", — деп жазган ал.Россия президенти Путиндин инаугурациясынан кийин Мишустин жетектеген өкмөттүн курамы ыйгарым укуктарын токтоткон. Өкмөттүн төрагасын Мамдума бүгүн бекитмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0