27-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусунун бир айылында жаан жааган учур. Архив
Нарын облусунун бир айылында жаан жааган учур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Жазылуу
27-апрелге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12...+17, Таласта +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +13...+18 градус жылуу болору айтылды.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +13...+15, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Катуу жаандын астында калган киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Катуу жаан жаап, дагы сел жүрөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0