Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди. Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 338инчи ("Бийликтен аша чабуу") беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон. Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылып, 25-апрелде абактан бошотулган. Депутат соттун өкүмүнө даттанарын билдирген. Мадумаров былтыр сентябрда кармалган. Анда эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган болчу. Анткен менен чоо-жайы ачыкталбай келет. Бирок өзүнүн айтымында, анын кармалышы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу. 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турганда Кыргызстан аталган жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуусу каралган протоколго кол койгону айтылып келет. Кыргызстан бул документти тааныган эмес.
Салык органдары декларация кабыл алуу үчүн 25-апрелден тартып түнгө чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган органдын кызматкерлери декларацияларды күн сайын (дем алышсыз) саат 09:00дөн саат 00:00гө чейин кабыл алат. Мекеме жеке жактар декларацияны онлайн-режимде "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болорун белгилеген. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.
Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын алкагында Россия Федерациясынын жана Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Шойгу менен Бакытбек Бекболотовдун жолугушуусу болду. Шойгу Россиянын Коргоо министрлиги кыргызстандык кесиптештери менен көп тараптуу жана эки тараптуу форматта ШКУ, КМШ жана ЖККУнун алкагында тыгыз байланышта экенин белгиледи.
Вашингтон Борбордук жана Түштүк Азиядагы позицияларын калыбына келтирүү аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Астанада өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Афганстандагы радикалдык террордук топтор Борбор Азияга коркунуч туудуруда. Ошондой эле министр аталган өлкөдөгү кырдаал татаал жана террорчулук менен экстремизмдин жайылышынын булагы болуп саналарын белгиледи. "Вашингтон Афганстандан аскери чыгарылгандан кийин Борбордук жана Түштүк Азиядагы жоголгон позициясын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди күчөттү. Жыйынга катышып жаткандардын баары эле аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга жол берилбешин колдойт деп ойлойм. Мындай ниет ШКУ мейкиндигиндеги туруктуулукка коркунуч катары каралышы керек", — деди Шойгу. Ошондой эле ал Россияга жана анын өнөктөштөрүнө карата НАТО менен Евробиримдиктин конфронтациялык курсу ШКУ мейкиндигиндеги жана бүтүндөй дүйнөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 88 сом 84 тыйынга 1 евро 95 сом 29 тыйынга 1 рубль 96 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫИшемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +12...+17, Таласта +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +13...+18 градус жылуу болору айтылды. Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +13...+15, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0