Балдар үйүнүн директору төрт айлык бөбөктүн өлүмү боюнча маалымат берди

© Photo / Unsplash / Omar LopezЫмыркай. Иллюстративдик сүрөт
Ымыркай. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Чолпон Арыкпаева баланы борборго кабыл алууда анын эч кандай документтери жана медициналык корутунду болбогонун белгиледи.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун (мурдагы Балдар үйү) директору Чолпон Арыкпаева чарчап калган төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди.
Анын айтымында, алдын ала божомол боюнча, наристе "ымыркайлардын капыстан өлүмү синдромунан" көз жумган.
Маалыматка ылайык, бала 9-апрель күнү саат 19:40та милиция жана социалдык кызматкерлер тарабынан түзүлгөн протоколдун негизинде кабыл алынган. Кызды өспүрүмдөр боюнча иш алып барган инспекциянын кызматкери жана бир аял коштоп жүргөн.
"Кабыл алууда аялдын балага жолугууга укугу жок экени, ымыркай убактылуу борбордо, тактап айтканда, балдар жарым жылга чейин жайгашуучу бөлүмдө болушу керектиги айтылды. Ымыркайдын эч кандай документи, медициналык анализдери жана корутунду жок болгондуктан толук текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Кыз болжол менен 3,5 айлык болгон", — деди Арыкпаева.
Борбордун жетекчиси кызматкерлер бардык функционалдык милдеттерин аткарышканын белгиледи.
"11-апрель күнү өспүрүмдөр боюнча иш алып барган инспекциянын кызматкери белгисиз аял менен келген. Ал аял мээнин УЗИсинин, жүрөктүн эхокардиограммасынын, жамбаш муунунун рентгенографиясынын жыйынтыгын көрсөткөн. Кыз биринчи эмдөөнү алган. Бирок ал анализдер кайда жасалганы түшүнүксүз. 12-апрелде эртең менен кыз тамактанган. 30-40 мүнөттөн кийин медайым баланын кубарып калганын көрүп, дарыгерлер, тез жардам чакырылган. Бирок кыз чарчап калды", — деди Арыкпаева.
Анын айтымында, экспертиза ымыркайга зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнүн, аспирация болбогонун жана кусундуга какабаганын аныктады.
"Баланын денесинде эч кандай гематома жок. Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал өлүмдүн так себебин аныктайт. Алдын ала "ымыркайдын капыстан өлүмү синдрому" диагнозу коюлууда. Төрөгөн энеси кандай илдеттер менен ооруганы белгисиз болгондуктан, багып жаткан аял аны толук медициналык текшерүүдөн өткөрүшү керек эле. Баланын өлүмү үчүн биздин кызматкерлерди күнөөлөө эрте. Сотто далилденсе жоопкерчилик тартууга даярбыз", — деп кошумчалады Арыкпаева.
Буга чейин Башкы прокуратура Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда ымыркай чарчап калганын билдирген. Анда милиция менен соцкызматкерлер наристени багып алган аялдан тартып алышып, борборго жайгаштырганы айтылган. Прокуратура бул учурда бөбөктүн абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн бала өзгөчө кароого муктаж экени, ошондой эле наристе төрт айдан бери багылып жатканы эске алынбаганын белгилеген.
Балдар кардиологу Айбек Арзыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Радио
Ымыркайда жүрөк кемтиги эмнеден улам пайда болот? Балдар кардиологунун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0