00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы кыргы-өзбек өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жыйыны өттү. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды. Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөн "Озтопрак" курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү бийликти басып алуу үчүн каршылык акциясын өткөрүү максатында убактылуу штаб уюштурууну пландап, Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлгөн. Ошондой эле ал жарандарды азгыруу үчүн социалдык тармактарды активдүү пайдаланганы кошумчаланды. 41 жаштагы Имамидин Ташов былтыр октябрда УКМК тарабынан кармалып, кайра бошотулган. Кийин ал өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген.
Сан-Франциско шаарындагы Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Кабарга ылайык, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистер катышкан.Акылбек Жапаров бул окуянын маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачуу зарылдыгын белгилеген. "IT-компанияларда иштеген жаштар — өлкөнүн сыймыгы. Силердин инновацияларыңар, талантыңар жана берилгендигиңер бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат", — деген Жапаров. Ошондой эле ал Кыргызстанды IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң мыкты жерге айландыруу өкмөттүн максаты экенин кошумчалады.
Коргонууга кеткен жалпы чыгымдар дүйнө боюнча рекорд жаратты. Бул туурасында РИА Новости Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтуна таянып билдирди. "Коргонууга жумшалган жалпы акча былтыр 2443 миллиард долларды чапчыды", — деп айтылган институттун релизинде. 2023-жылы коргонууга арбын каражат салган 10 мамлекеттин катарына АКШ, Кытай, Россия, Индия, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Германия, Украина, Франция жана Япония кирген. Институт берген маалыматтарда бул жаатта эки өлкө болуп көрбөгөндөй акча короткон, алар — АКШ 916 миллиард Кытай 296 миллиард. Институттун маалыматында Россияныкы 2022-жылга салыштырмалуу 24 пайызга өсүп, 109 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2014-жылдан тарта 57 пайызга көбөйгөн. Украина 64,8 миллиард доллары менен тизмеде сегизинчи болуп турат. Ал эми 2014-2023-жылдар арасындагы бул тармактагы чыгымы 1 270 пайызга секирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0