Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Быйыл "Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын кайсы аймактарында өтөрү айтылды

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Өлбөс полк" акциясы. Архивдик сүрөт
Өлбөс полк акциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан "Өлбөс полкту" жер-жерлерде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлган.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде "Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучулары жүрүш борбор калаадан башка өлкөнүн кайсы аймактарында өтөрүн айтып беришти.
© Sputnik / Жантай Макенов "Өлбөс полк" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина
Координатор движения Бессмертный полк — Кыргызстан в Бишкеке Зульфира Хайбуллина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
"Өлбөс полк" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина
"Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта шаарлары жана Ленинское, Ивановка айылдары дээрлик бардык жерде жүрүштөрдү өткөрүүгө даяр", — деди "Өлбөс полк" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина.
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев афган ардагерлери жүрүштү өз айылдарында өткөрүүнү өтүнүп, жер-жерлерге чакырып жатканын билдирди.
© Sputnik / Жантай МакеновАфганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Председатель правления Общественного движения ветеранов войны в Афганистане, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Быйыл бардык айылдарда, мейли 15-20 адам болсо да иш-чара өткөрүлөт. Бул кубанарлык көрүнүш", — деди ал.
Ал эми Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Белек Абдрахманов мекеме иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
© Sputnik / Жантай МакеновКуралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Белек Абдрахманов
Замначальника Главного управления воспитательной работы, начальник управления воспитательной работы Генштаба ВС КР Белек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Белек Абдрахманов
"Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Куралдуу күчтөрдүн мекемелерине, ошондой эле аскер комиссариаттарына "Өлбөс полкту" жер-жерлерде, башкача айтканда, бардык ири шаарларда жана облус борборлорунда өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлду", — деди Абдрахманов.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0