Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя: аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулууда

© AP Photo / LibkosУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
БУУдагы өкүл таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Карапайым украиналыктар аларга ким душман экендигин жана өмүрүнө кайсы жактан чыныгы кооптуулук жаралып жатканын улам даана сезип баратат. Бул туурасында РФтин БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда айткан.
Ал Батыш өлкөлөрү аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулуп, күч менен мобилизацияланып жатканы боюнча үн катпагандыгын, унчукпагандыгын белгилеген.
"Интернетте аскердик комиссариаттар украиналык эркектердин көңүлүн карап отурбай, бардык мыйзамдар менен нормаларды бузуп, издөө салынган киши сымал көчөдөн эле кармап кетип, согушка эч кандай даярдыгы жок жөнөткөн видеосу тарап жатат. Алар үчүн аман калуунун бир жолу — россиялыктардын колуна түшүп берүү. Мындай кылуу нацисттерден турган отряддардан улам оңой эмес. Нацисттер өздөрү россиялык аскерлер менен кармашкысы келбейт, алар мекендештеринин артынан ок чыгарууну ылайык көрүшөт", — деген Небензя.
БУУ өкүлү таанышы барлар, депутаттар, аткаминерлер мобилизациядан качып, аскерге чакыруу курагындагы туугандарын чет өлкөгө алып чыгып кетип жатканын белгилеген.
"Винница облусунда Молдова менен чектешкен аймактарга аскер курагындагы кишилерге кирүү тыюу салынган. Мындай чечим алардын чет өлкөгө качып чыгып кетпеши үчүн жасалган. Жакында эле президент Киев эл аралык социология институтунун маалыматтарына таянып, сурамжылоого алынган эркектердин сегиз пайызы гана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө өз ыктыяры менен кошулууга даярдыгы аныкталганын айтты. Киев режими мындан улам бийлигинин күнү бүтө турган кооптуулук жаралып жатканын туура эле көрүп, андан улам "буроолорун бекемдеп" жатат", — деди Небензя.
БУУнун атайын өкүлү бул айдын башында украиналыктар үчүн аскерге чакыруу курагы 27ден 25 жашка түшүрүлгөнүн, кыязы, жакында ал 17-18 жашты түзүп каларын кошумчалаган.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскерлер такыр эле жетишсиз. Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0