Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Бизге буюртманы ким бергени кызык. Путин "Крокустагы" теракт тууралуу

© POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин "Крокус сити холлдогу" терактыдан кийинки кеңешмеде
РФ президенти Владимир Путин Крокус сити холлдогу терактыдан кийинки кеңешмеде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Россия лидери жай жарандарга кол салып аткылоо менен коомчулукту дүрбөлөң кылуу максаты коюлганын айтып, көп нерселерди аныктоо иштери турганын белгиледи.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлго" радикалдашкан исламчылар кол салды, анткен менен Москвага буюртманы ким бергени кызык. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин терактыдан кийин көрүлгөн чаралар боюнча кеңешме өткөрүп жатканда айтты.
"Кылмыш ислам дүйнөсү өзү кылымдар бою күрөшүп келген радикалдашкан исламчылардын колу менен жасалды. Бизге буюртманы ким бергени кызык", — деди Путин.
Президенттин айтымында, Кошмо Штаттар ар кыл каналдар боюнча маалымат таратып, мунун артында "Ислам мамлекети"* террордук уюму турганын, мында Украинанын изи жок деген нерсени элге сиңирүүгө аракет кылып жатат.
Ал суроолор көп экендигин, тагыраагы, Москва Жакынкы Чыгыштагы курчуп турган жаңжалда кырдаалдын адилеттүү чечилишин талап кылып жатканда исламдагылар чын эле Россияга сокку урууну чечкенби деген соболго сөзсүз жооп алуу зарылдыгын белгиледи.
"22-мартта Россиянын борборунда жүрөк үшүткөн кылмыш болду. Ал — коркутуу акциялары. Бул кимге пайда алып келет деген суроо жаралат. Аталган кылмыш 2014-жылдан бери өлкөбүз күрөшүп келе жаткан Киев режиминин неонацисттеринин колу менен жасалып келе жаткан иштеринин бир бөлүгү болушу мүмкүн", — деген Путин.
Россия лидери муну менен коомчулукту дүрбөлөңгө салуу максаты коюлганын айтып, көп нерселерди аныктоо иштери турганын белгиледи. Тагыраагы, "Крокуска" кол салгандан кийин алар эмнеге Украинаны көздөй качканга аракет кылган жана аларды ким күтүп турганын билүү маанилүү.
Мамлекеттин башчысы каза болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтып жана жарадар болгондордун тез арада сакайып кетишин каалады. Жабыркагандарга жардам бергендерге ыраазылыгын айтты. Муну менен бирге эл биримдикти, тилектештикти жана бири-бирине кол кабыш кылуунун үлгүсүн көрсөткөндүгүн белгиледи.
"Терактыны пландагандар коомго дүрбөлөң салып, бөлүп-жарууга ниеттенишкен, бирок бул кыянаттыкка биригип каршы турган күчкө туш болушту", — деди ал.
Путин жалпы элди кайгысына, көңүлдөрдүн ооруп турганына, кылмышкерлерди жазалоого каалоо күч болгонуна карабай иликтөө, тергөө объективдүү болушу керектигин белгиледи.
Эске салсак, мындан төрт күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети соңку маалыматтарында 139 киши каза тапканы, алардын үчөө балдар экени айтылды. Терактыга байланыштуу шектүү катары жети киши кармалып, кылмыш иш козголду.
Терактыны жасагандарды 23-мартта эртең менен Брянск облусунан кармашкан. Алар Тажикстандын жарандары Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов аттуу адамдар экени айтылган. Террорчулар автоунаа менен Украинанын чек арасына бара жаткан.
Кечээ ишке катышы бар деген шек менен дагы үч киши: Исроил Исломов, анын уулдары Аминчон жана Диловар кармалды.
Буга чейин Путинге 11 адамдын кармалганы боюнча маалымдашкан. Россия лидери терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берген.
*Кыргызстанда, Россия да жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
Аскер кызматкерине медаль тапшыруу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Терактыга шектүүлөрдү кармагандар сыйланышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0