https://sputnik.kg/20240325/teraktyga-shektuulordu-karmagandar-siylanyshty-1083718197.html
Терактыга шектүүлөрдү кармагандар сыйланышты. Видео
Терактыга шектүүлөрдү кармагандар сыйланышты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыны жасаганга шектелип жаткандарды кармоодо өзгөчөлөнгөн россиялык аскерлерге ведомстволук жана... 25.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-25T20:43+0600
2024-03-25T20:43+0600
2024-03-25T20:43+0600
подмосковьедеги “крокус сити холлдо” болгон теракт
дүйнөдө
россия
теракт
крокус сити холл
аскер
сыйлоо
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/03/19/1083718338_0:125:3025:1827_1920x0_80_0_0_dc9b55238285c56aec13b0d4dffc4540.jpg.webp
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыны жасаганга шектелип жаткандарды кармоодо өзгөчөлөнгөн россиялык аскерлерге ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.Бул туурасында кабарлаган Sputnik Ближнее зарубежье видео жарыялады.Бир нече аскер адамдары Каармандыгы үчүн, Согушта өзгөчөлөнгөнү үчүн медалдарын алышты.Аны Ленинград аскер округунун кол башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Эседулла Абачев тапшырганын РФтин Коргоо министрлиги билдирди.Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши кармалып, камалды.
https://sputnik.kg/20240323/putin-krokus-terakt-video-kajryluu-1083682555.html
крокус сити холл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/19/1083718338_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_d345357b0748a8784e1e0ff9c8cd398d.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, теракт, крокус сити холл, аскер, сыйлоо, видео
дүйнөдө, россия, теракт, крокус сити холл, аскер, сыйлоо, видео
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыны жасаганга шектелип жаткандарды кармоодо өзгөчөлөнгөн россиялык аскерлерге ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Бул туурасында кабарлаган Sputnik Ближнее зарубежье видео жарыялады.
Бир нече аскер адамдары Каармандыгы үчүн, Согушта өзгөчөлөнгөнү үчүн медалдарын алышты.
Аны Ленинград аскер округунун кол башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Эседулла Абачев тапшырганын РФтин Коргоо министрлиги билдирди.
Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында
теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши
кармалып, камалды.
23 Жалган Куран 2024, 19:31