25-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Тоолуу аймактарда, ашууларда көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Сапарга чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -4...1, Ысык-Көл чөлкөмүндө -2...3, Нарын, Талас жергесинде 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 0...-2 , ал эми Ош шаарында 4...6 градуска чейин жетет.
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Радио
2024-жылы 50 миӊ гектар кунарсыз жерге үрөн себүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0