00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: Кызыл-Омполдо руданы алып чыккан соң буудай, өрүк өстүрсө болот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТалаада буудай өстүрүү. Архив
Талаада буудай өстүрүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Өлкө башчы уранды өзүнчө бөлүп алгандан кийин аны сактоодо, ары-бери ташып жүрүүдө абдан сак болуу керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кызыл-Омпол кениндеги жерди азыркы учурда иштете албайбыз, бирок рудаларды алып чыгып кеткенден кийин арпа, буудай, өрүк өстүрсө болот. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Биздеги урандын коркунучу жок. Бул уран — чийки зат. Кандайдыр бир иштерге колдонуу үчүн аны байыткандан кийинки урандан катуу сактаныш керек. Мына ошол уран коркунучтуу болот. Биздеги уранды деле таптакыр коопсуз деп айтуудан алыс болушубуз керек. Өзүнчө бөлүп алгандан кийин аны сактоодо, ары-бери ташып жүрүүдө, албетте, абдан сак болушубуз керек. Адистер тараптан катуу көңүл бурулушу шарт", — деген президент.
Мамлекет башчы кийин ал жерлер дароо рекультивацияланарын кошумчалаган.
"Азыркы убакта ошол жерди иштете албайбыз. Эч нерсе өспөйт. Анткени астында урандын жана башка сейрек кездешүүчү баалуу металдардын элементтери бар. Жер астынан чыккан булактардын суусун да ичкенге болбойт. Себеби суу уранды жана башка металлдарды аралап чыгат. Рудаларды алып чыгып кеткенден кийин артынан жерлер дароо рекультивацияланат. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдык сактоочу жай да болбойт. Анткени рудалар ал жерде иштетилбейт. Таза жер калат. Кийин бул жерлерди айыл чарба багытындагы иштерге колдонууга болот. Арпа, буудай, өрүк, алма жана башка жер-жемиш өсүмдүктөрүн отургузса болот. Булактан чыккан сууларды да ичсе болот. Себеби уран жана башка элементтердин баары ташылып чыгып кетет да, ал жер тазаланып калат", — деген президент.
Жапаров мамлекет үчүн экономикалык жактан кичине эле пайдасы болсо кандай иштер болбосун аткарып кетүүнү, жок дегенде келе жаткан 10 жылдыкта кошуна өлкөлөргө жетүү керектигин белгилеген.
Карьерде автосамосвалга руда жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жер казынасы боюнча жаңы мыйзам долбоорунда эмнелер камтылган? Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0