ЕАЭБ тез өнүгүп жаткан Түштүк өлкөлөрү менен сооданы илгерилетүүдө

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар жолдо жүрүп жатат. Архив
Жүк ташуучу унаалар жолдо жүрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. ЕАЭБ тез өнүгүп жаткан Түштүк өлкөлөрү менен сооданы илгерилетүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Ал "Жаңы мезгил үчүн күчтүү идеялар" форумунун "Суверенитет достугу: адилеттүү эл аралык өнөктөштүктүн механизмдери" сессиясында сүйлөгөн.
Слепневдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бири-бири менен соода жүгүртүүсү санкция, чектөөлөрдүн шартында 10 пайызга өсүп, кезектеги рекордду жараткан. Ошол эле учурда улуттук валюталар менен эсептешүүлөр 90 пайыздан ашкан.
"Азыркы көйгөйлөргө карабай биргелешкен механизмдер жакшы жыйынтык берип жатканын көрүп жатабыз. Бул шартта ким менен сүйлөшө алабыз? Биринчи кезекте глобалдуу Түштүктүн тез өнүгүп жаткан өлкөлөрү менен", — деди министр.
Слепнев былтыркы жылдын декабрь айында Иран менен эркин соода боюнча макулдашууга кол коюлганын эскертти. Мунун арты менен бүгүнкү күндө 300 миллионго жакын адамды түзгөн рынок дагы 90 миллионго өстү. Азыркы тапта Египет, БАЭ, Индонезия менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатса, Монголия менен жаңыдан башталды. Ал дүйнөдө Евразия экономикалык биримдигинин пикирлештери көп экенин белгилеген.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Радио
Мамытов: ЕАЭБдин Евразия аркылуу соода потенциалы абдан күчтүү
Жаңылыктар түрмөгү
0