Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Билим берүү министрлиги "Электрондук мектеп" тиркемесин жаңылайт

© Sputnik / Григорий СысоевКомпьютер менен сабак окуп жаткан окуучулар. Архив
Компьютер менен сабак окуп жаткан окуучулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги "Электрондук мектеп" тиркемесин жаңылай турганын ведомство жетекчисинин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовБилим берүү жана илим министрлигинин жетекчисинин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева
Брифинг Минобрнауки о цифровизации в системе образования - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчисинин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева
Ал тиркемени "Инфоком" мамлекеттик ишканасы иштеп чыкканын, бирок "айрым параметрлер боюнча туура келбей жатканын" белгилеген.

"Эми бул тиркемени Билим берүү жана илим министрлиги өз колуна алды. Кагазга жазылган кабинет, раписание, электрондук журнал, күндөлүк, мугалимдердин отчеттору тууралуу маалыматтын баары бир жерге чогултулат. Июнда сынап баштап, 1-сентябрда толук кандуу ишке киргизебиз. Модернизацияланган версиясында бардык ыкчам маалымат топтолот", — деди Самыкбаева.

Анын айтымында, негизи министрлик мектепке канча окуучу келип, кандай баа алып жатканын онлайн көрүп турушу керек. Азыркы тапта маалыматтын баары жарым-жартылай автоматташтырылган система менен чогултулуп жатканы белгиленди.
Мектепте сабак учурундагы мугалим. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Пресс-борбор
Министрлик: 1-сентябрга чейин мугалимдердин бардыгы ноутбук менен камсыздалат
Жаңылыктар түрмөгү
0