ЕАЭБде жумушсуздук дээрлик 14%га кыскарды. Кыргызстанда абал кандай

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүМеталлургиялык комбинаттын жумушчулары иш учурунда. Архив
Металлургиялык комбинаттын жумушчулары иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук жыл ичинде 13,9 пайызга кыскарганын Евразия экономикалык комиссиясынан кабарлашты.
2023-жылдын декабрына карата биримдик өлкөлөрүндө 709,8 миң адам (жумушчу күчүнүн 0,8 пайызы) расмий жумушсуз деп катталган. Бул көрсөткүч 2022-жылдын декабрында 824,3 миң болчу. Жумушсуздук Казакстандан башка ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө кыскарган.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 67,6 миң адамга жетет. 2022-жылдын декабрында мындай макамга 74,7 миң адам ээ болчу.
Сулуулук салондо тырмак жасатуу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Иш издеп жүргөндөр үчүн акысыз курстар дагы эле уланууда. Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0