Жапаров патент менен соода кылууну 1-июлга чейин узарткан документке кол койду

Патент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
2024-жылдын 1-январынан тарта соодада патент колдонуу жокко чыгарылган. Бирок ири митингдерден улам президент мөөнөтүн узартып берүүнү убадалаган эле.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Патент менен соода кылуу 1-июлга чейин узартылды. Салык кодексине киргизилген тийиштүү өзгөртүүлөргө Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ болбой турган мөөнөт 2024-жылдын 1-январынан 1-июлуна жылдырылат.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тарта соодада патент колдонуу жокко чыгарылган. Бирок ири базарларда буга каршы митингдер өткөндүктөн президент патентти июлга чейин жылдырып берүүнү убадалаган.
Президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0