00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Самокат, скутерлерди жөндөгөн мыйзам качан иштеп баштайт? Депутат менен маек.
09:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров II Элдик курултайда
Президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Президент эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгилейм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, салыксыз элдин социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт.
"Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында пенсияларды, жөлөк пулдарды, эмгек акыны жогорулата алдык. Болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объектилерди курууга жана жүздөгөн жаңы жолдорду салууга жетиштик. Салыксыз күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт. Сапаттуу медицина жана билим дагы болбойт. Ошондуктан салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карашыбыз керек. Башка сөз менен айтканда, салык эмес, салым катары кабыл алыңыздар", — деди Жапаров.
Ал эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керектигин белгиледи.
"Инвесторлорду өлкөнү каптап же жерибизди тартып алууга аракет кылган душман катары көрбөшүбүз керек. Ар бир инвестордун максаты — киреше алуу. Алар өз ишин аткаруу менен катар коом үчүн жалпы пайдалуу натыйжаны да берет. Ар бирибиз инвесторлорго колдоо көрсөтүшүбүз керек. Эгер ишканалар курулса жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, элдин жашоо-турмушунун жакшырышына өбөлгө болот", — деди президент.
Sputnik Кыргызстан агенттиги II Элдик курултай боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров II Элдик курултайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Садыр Жапаров тышкы карыз кандай тартип менен төлөнөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0