https://sputnik.kg/20240130/mask-adamdyn-meesine-koygon-implant-zhakshy-kamdashkanyn-aytty-1082290018.html
Илон Маск адамдын мээсине койгон имплант жакшы камдашканын билдирди
Илон Маск адамдын мээсине койгон имплант жакшы камдашканын билдирди
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Маск Neuralink компаниясынын "революциялык мээ импланты" паралич жана сокурлук сыяктуу илдеттерге жардам берерин айткан эле.ё 30.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-30T11:09+0600
2024-01-30T11:09+0600
2024-01-30T11:09+0600
дүйнөдө
илон маск
мээ
чип
имплант
революция
илим
жогорку технология
технологиялар
шал
https://sputnik.kg/img/07e8/01/1e/1082286172_0:0:3077:1731_1920x0_80_0_0_6d4490932e21964e52d8353784dfdd02.jpg
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск адамдын мээсине Neuralink компаниясы койгон имплант жакшы камдашып кеткенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Анын айтымында, илим менен технологиянын алдыңкы, жаңычылык менен жасалган чиби коюлган адамдын азыр абалы жакшы.Анын айтымына караганда, тажрыйба жасалган адамга жүргүзүлгөн байкоолор чиптин болочокто жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө.Маск постунан кийин Neuralink ойлоп чыккан бул кичинекей жабдуу Telepathy ("Телепатия") деп аталарын жазды. Чип биринчи иретте колу-буту шал болуп калгандарга ою менен телефон, компьютерди иштеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн жасалган."Элестетсеңиз, Стивен Хокинг текст тергендерден (компьютерде – ред.) же аукциондогу алып баруучудан да тез сүйлөп калса кандай болмок эле. Биздин максатыбыз да ушул", — деди Маск.Буга чейин Маск Neuralink компаниясынын "революциялык мээ импланты" паралич жана сокурлук сыяктуу илдеттерге жардам берерин билдирген эле.2023-жылдын май айында мээнин чиптерин жасаган Neuralink компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алган. Ал эми сентябрда имланттарды мээге коюуга киши издеп жатканы боюнча жарыя берген.Маск компания мээдеги чиптер коюлган протездерди башкарууга да жардам берерин, мындай кызмат болжол менен 60 миң доллар болушу мүмкүндүгүн айткан.
https://sputnik.kg/20230418/zhasalma-intellekt-adamzatty-kurmandykka-kepteybi-1074527198.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/1e/1082286172_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_4e62eb304a115e06716bc6621066e529.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, илон маск, мээ, чип, имплант, революция, илим, жогорку технология, технологиялар, шал
дүйнөдө, илон маск, мээ, чип, имплант, революция, илим, жогорку технология, технологиялар, шал
Илон Маск адамдын мээсине койгон имплант жакшы камдашканын билдирди
Буга чейин Маск Neuralink компаниясынын "революциялык мээ импланты" паралич жана сокурлук сыяктуу илдеттерге жардам берерин айткан эле.ё
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск адамдын мээсине Neuralink компаниясы койгон имплант жакшы камдашып кеткенин билдирди. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Анын айтымында, илим менен технологиянын алдыңкы, жаңычылык менен жасалган чиби коюлган адамдын азыр абалы жакшы.
"Кечээ Neuralink адамзаттын мээсине биринчи болуп имплант тагылды жана калыбына келүү (операциядан кийин) процесси жаман эмес", — деп жазган Маск өзүнүн Х тармагына.
Анын айтымына караганда, тажрыйба жасалган адамга жүргүзүлгөн байкоолор чиптин болочокто жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө.
Маск постунан кийин Neuralink ойлоп чыккан бул кичинекей жабдуу Telepathy ("Телепатия") деп аталарын жазды. Чип биринчи иретте колу-буту шал болуп калгандарга ою менен телефон, компьютерди иштеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн жасалган.
"Элестетсеңиз, Стивен Хокинг текст тергендерден (компьютерде – ред.) же аукциондогу алып баруучудан да тез сүйлөп калса кандай болмок эле. Биздин максатыбыз да ушул", — деди Маск.
Буга чейин Маск Neuralink компаниясынын "революциялык мээ импланты" паралич жана сокурлук сыяктуу илдеттерге жардам берерин билдирген эле.
2023-жылдын май айында мээнин чиптерин жасаган Neuralink компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алган. Ал эми сентябрда имланттарды мээге коюуга киши издеп жатканы боюнча жарыя берген.
Маск компания мээдеги чиптер коюлган протездерди башкарууга да жардам берерин, мындай кызмат болжол менен 60 миң доллар болушу мүмкүндүгүн айткан.