https://sputnik.kg/20230418/zhasalma-intellekt-adamzatty-kurmandykka-kepteybi-1074527198.html
Жасалма интеллект адамзатты курмандыкка кептейби. Маск жасаган эскертүү
Жасалма интеллект адамзатты курмандыкка кептейби. Маск жасаган эскертүү
Sputnik Кыргызстан
Өзүн-өзү көзөмөлдөгөндүктөн, өчүрүп салганга такыр болбой турган жасалма интеллект жаралышы мүмкүнбү деген суроого миллиардер так жооп берген эмес. 18.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-18T10:55+0600
2023-04-18T10:55+0600
2023-04-18T10:55+0600
дүйнөдө
илон маск
жасалма интеллект
кооптуулук
https://sputnik.kg/img/07e6/06/18/1065525845_0:328:3058:2048_1920x0_80_0_0_3629ffd41cb225bff6b13ccdb284eb75.jpg
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Терминатордун" сюжетинен айырмаланып турганы менен "адамзатты жок кылуу" потенциалына ээ болгон жасалма интеллект өзүн-өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу америкалык миллиардер Илон Маск айтканын РИА Новости жазды.Өзүн-өзү көзөмөлдөгөндүктөн, өчүрүп салганга такыр болбой турган жасалма интеллект жаралышы мүмкүнбү деген суроого миллиардер так жооп берген эмес. Маск тармакты эртерээк жөндөөгө чакырып, буга жоопкер болгон ведомствону аныктоо зарылдыгын белгилеген."Жаман нерсе болуп кеткенден кийин гана аны оңдоого, жөнгө салууга аракет кылып калышат. Эгерде жасалма интеллектинин тармагында мындай нерсе жүрүп кетсе, көзөмөл жасоого өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн", — деген миллиардер.Анын айтымына караганда, "адамды жок кылып салчу" күчкө ээ болгондуктан, жаман учак же машиналарга караганда, ой менен иш алып барбаган жасалма интеллект алда канча коркунучтуу. Маск ал "Терминатордун" сценарийи сыяктуу өнүкпөстүгүн белгиледи. Анткени жасалма интеллектинин түзүлгөн "акылы" маалымат борборлордо болот, ал эми жан алгыч аң-сезимдүү машина — сюжеттин финалдык бурулушу.Миллиардердин айтымына караганда, технологиялык тармакта жасалма интеллектинин тез арада иштелип чыгышына кызыкдар болгон тараптар бар. Маск алардын бири Google негиздөөчүсү Ларри Пейж экенин айтты.Аны менен болгон кездешүүлөрдө, ал тургай коомчулуктун алдында "санарип кудайы" туурасында идеяларды айткан."Менин пикиримде, ал жасалма интеллектинин кооптуулугуна жетиштүү жоопкерчилик менен мамиле жасабагандай көрүндү. Ал, кыязы, жасалма интеллектинин үстүнөн тезирээк эле санарип кудайын көргүсү келет окшойт", — деген Маск.Миллиардер жасалма интеллектинин технологиясында жакшы нерсенин да, кесепетин тийгизчү жаман нерсенин да потенциалы бардыгын белгилеген. Буга аргумент катары ал Пейжден адамгерчиликтин басымдуу болушуна, тагыраагы, ашыкча гумандуулукка жасалган күнөөлөөнү уккандыгын келтирген.
https://sputnik.kg/20230324/kr-rossiya-bank-medicina-1073864965.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/18/1065525845_327:0:3058:2048_1920x0_80_0_0_7a08d926985c8523c546601ba4dcad67.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, илон маск, жасалма интеллект, кооптуулук
дүйнөдө, илон маск, жасалма интеллект, кооптуулук
Жасалма интеллект адамзатты курмандыкка кептейби. Маск жасаган эскертүү
Өзүн-өзү көзөмөлдөгөндүктөн, өчүрүп салганга такыр болбой турган жасалма интеллект жаралышы мүмкүнбү деген суроого миллиардер так жооп берген эмес.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Терминатордун" сюжетинен айырмаланып турганы менен "адамзатты жок кылуу" потенциалына ээ болгон жасалма интеллект өзүн-өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу америкалык миллиардер Илон Маск айтканын
РИА Новости жазды.
"Мындай болушу мүмкүн. Баары ошого баратат", — деген Маск Fox News телеканалына берген маекте.
Өзүн-өзү көзөмөлдөгөндүктөн, өчүрүп салганга такыр болбой турган жасалма интеллект жаралышы мүмкүнбү деген суроого миллиардер так жооп берген эмес. Маск тармакты эртерээк жөндөөгө чакырып, буга жоопкер болгон ведомствону аныктоо зарылдыгын белгилеген.
"Жаман нерсе болуп кеткенден кийин гана аны оңдоого, жөнгө салууга аракет кылып калышат. Эгерде жасалма интеллектинин тармагында мындай нерсе жүрүп кетсе, көзөмөл жасоого өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн", — деген миллиардер.
Анын айтымына караганда, "адамды жок кылып салчу" күчкө ээ болгондуктан, жаман учак же машиналарга караганда, ой менен иш алып барбаган жасалма интеллект алда канча коркунучтуу. Маск ал "Терминатордун" сценарийи сыяктуу өнүкпөстүгүн белгиледи. Анткени жасалма интеллектинин түзүлгөн "акылы" маалымат борборлордо болот, ал эми жан алгыч аң-сезимдүү машина — сюжеттин финалдык бурулушу.
"Роботтор – бул соңку фактор", — деген Маск.
Миллиардердин айтымына караганда, технологиялык тармакта жасалма интеллектинин тез арада иштелип чыгышына кызыкдар болгон тараптар бар. Маск алардын бири Google негиздөөчүсү Ларри Пейж экенин айтты.
Аны менен болгон кездешүүлөрдө, ал тургай коомчулуктун алдында "санарип кудайы" туурасында идеяларды айткан.
"Менин пикиримде, ал жасалма интеллектинин кооптуулугуна жетиштүү жоопкерчилик менен мамиле жасабагандай көрүндү. Ал, кыязы, жасалма интеллектинин үстүнөн тезирээк эле санарип кудайын көргүсү келет окшойт", — деген Маск.
Миллиардер жасалма интеллектинин технологиясында жакшы нерсенин да, кесепетин тийгизчү жаман нерсенин да потенциалы бардыгын белгилеген. Буга аргумент катары ал Пейжден адамгерчиликтин басымдуу болушуна, тагыраагы, ашыкча гумандуулукка жасалган күнөөлөөнү уккандыгын келтирген.
24 Жалган Куран 2023, 19:07