00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Максат — өлкө бүтүндүгүн сактоо. С.Жапаровдун президенттигине 3 жыл болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгуль Жапарова Бишкектеги Филармонияда концерт учурунда. Архив
Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгуль Жапарова Бишкектеги Филармонияда концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Ал социалдык тармактагы постуна учурдагы бийлик жасап жаткан жана жасалган иштерди 34 пункт менен тизмектеп берген.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришкенине 3 жыл болду. Буга карата мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков Жапаровдун мамлекетти башкарган бул учурдагы иштерин социалдык тармакка тизмектеп жазган.
"Баарыбыздын көздөгөн максатыбыз – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү", — деген маалымат кызматтынын жетекчиси.
Ал Садыр Жапаров мамлекеттик максаттарды мындан ары да ишке ашыра алат деген ишеними туурасында айткан.
"Эркиндигинен ажырап, саясий кысым менен бүт мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине карабай максаттарына жеткен Садыр Жапаровго, бүгүнкү күндөгү мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен мындан ары да мамлекеттик максаттарды ишке ашыра алат деп ишенишибиз керек!" — деген Орунбеков.
Ал социалдык тармактагы постуна жасалып жаткан жана жасалган иштер туурасында 34 пункт менен тизмектеп берген.
Президенттик башкаруу системасынын киргизилиши, "Кумтөрдүн" мамлекетке өтүшү, коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон күрөш туурасында айткан.
"Алар бийликтин колдоосуна таянып ишкерлерди тоноп, ар кимдин мүлкүн, байлыгын тартып алып тамыры жайылып кеткен. Бул бийликтин дагы бир эрктүүлүгү – уюшкан кылмыштуу топтун күлүн көккө сапырды", — деген ал.
Кырызстандын ички дүң продукциясы триллиондук чектен өткөнүн, куралдуу күчтөр боюнча тизмеде жети позиция алдыга жылып, 100 кубаттуу өлкөнүн, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы 3 мамлекеттин катарына киргенин, энергетика тармагын жакшыртуу жаатында кескин чаралар башталганын, социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөк пулдар акыркы эки жылда үч этап менен көтөрүлгөнүн белгилеген.
Социалдык маанидеги мекемелердин салынышы арбыганына, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) уставдык капиталынын көбөйгөнүнө, экологияга мамиле жоопкерчилик менен жасалып жатканына, санариптештирүү акыркы үч жылда алда канча алдыга жылганына жана шаарларды, анын ичинде Бишкектеги коомдук транспортторду жаңылоо иштерине токтолгон.
Эске салсак, 2021-жылы президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаров 28-январда ант берип, мамлекеттик башчылык кызматка расмий киришкен.
"Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин. Президенттик башкаруунун максаты — мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу", — деген 3 жыл мурда Жапаров.
Ант берүү учурунда кыргызстандыктарга кайрылып, биргеликте тарыхтын жаңы барагын жаратууга чакырган.
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Садыр Жапаровдун президент катары элге алгачкы кайрылуусу. Толук текст
Жаңылыктар түрмөгү
0