Акпаралы уулу: күрүч менен балыкты бирге өстүрүү Кыргызстанда да жасалып келет
Жазылуу
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу балык менен күрүчтү биргеликте өстүрүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди.
Балык менен күрүчтү бир эле сууда өстүрүү органикалык түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бул тууралуу Нурзамат Акпаралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акпаралы уулу: күрүч менен балыкты бирге өстүрүү Кыргызстанда да жасалып келет
Анын айтымында, мындай чарбада химиялык жер семирткичтер колдонулбайт.
"Балык менен күрүчтү биргеликте өстүрүү өлкөдө көп колдонулбаганы менен дүйнөдө кеңири тараган тажрыйба. Бул ыкма "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасында союз учурунан бери колдонулуп келүүдө. Максат — күрүч өстүрүүдө кошумча каражат табуу. Тилекке каршы, бул тажрыйба бардык балык чарбаларына туура келе бербейт. Анткени балык багууда, күрүч өстүрүүдө дагы өзүнүн талаптары бар. Мисалы, суу ресурстары жетиштүү болуп, жер дагы ошого ылайыктуу болушу зарыл. Мындан тышкары, күрүч менен балыкты өстүрүү боюнча ишкердин тажрыйбасы да маанилүү. Ошондуктан мындай ишкерлик айрым гана аймактарда гана колдонулууда. Чынында бул ыкманын пайдалуу жактары көп. Анткени балык күрүчтүн арасындагы отоо чөптөрдү, зыянкеч курттарды жеп, жерди жумшартууга көмөк кылат. Ал үчүн карп, сазан балыктары туура келет. Мындан тышкары, бул чарбада химиялык жер семирткичтер колдонулбайт. Анткени балыктан чыккан калдыктар органикалык жер семирткич катары пайдаланылат. Натыйжада органикалык таза түшүм алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өстүрүлгөн күрүчтүн сапаты жогору болот", — деди Акпаралы уулу.
Ошондой эле ал карп, сазан балыктарына арпа, жүгөрү, буудайдан атайын кошулмалар менен жасалган жем колдонулуп, сырттан алып келинбей турганын кошумчалады.