Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадан улам Франция менен Германияда чатак чыгып кетти

© AP Photo / Lewis JolyВладимир Зеленский, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Париждеги жолугушууда. Архив
Владимир Зеленский, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Париждеги жолугушууда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Жазылуу
Гезит Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню аларды жемелөөгө жооп кылганын айтты.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Франция Украинага жетиштүү түрдө жардам берген жоксуңар деген сынга кескин жооп кайтарды, ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц ошол эле учурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнө аскердик жардамды көбөйтүүнү талап кылууда. Бул туурасында РИА Новости немецтик гезитке таянып жазды.
Басылма Украинанын "аскердик кырдаалы жыргатарлык эместигин", жайында контрчабуул ордунан чыкпай калганын, АКШнын Конгрессиндеги республикачылар жардамдын жаңы траншын берүүгө бөгөт койгонун санады. Макалада Европа Киев быйыл жеңилет же "олуттуу кыйынчылыктарга туш келет" деп түйшөлүп жатканы айтылган.
Мындай кырдаалдан улам европалык бир катар лидерлер Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал-жарак менен ок-дары берүү чакырыгын жасап жатышат. Басылма бул топко Германия канцлери Олаф Шольц да кирерин жазды.
"Соңку апталарда ал өзүнө жана биримдиктеги эрежелерге тиешелүү эмес мүнөздө, тагыраагы, алда канча жумшарып жана илбериңки тартып, ЕБ боюнча кесиптештерине лекция окуган", — деп жазган басылма.
Шольц Евробиримдиктин башка мамлекеттерин Киевге берчү аскердик жардамын эки эсе көбөйткөн Берлинден үлгү алып, быйыл сумманы сегиз миллиард еврого жеткирүүнү талап кылган. Анын чакырыгы Италия, Испания сыяктуу ири өлкөлөргө, "ири алдыда" Францияга багытталган.
Басылма атын атагысы келбеген европалык дипломатка таянып, Германия 2024-жылы Киевге сегиз миллиард евро бөлүүгө убада бергенин, Нидерланддар – 2,5 миллиард деп, ал эми Франциядан бул жаатта "эч нерсе угушпагандыгын" айткан.
Гезит Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню мындай жемелөөгө жооп кылганын айтты. Дүйнөлүк экономика боюнча Киль институтунун Польша, Улуу Британия, Германия, Түндүк Европа жана Балтика боюндагы өлкөлөргө караганда Париж Украинага жардамды аз берип жатат деген маалыматына комментарий берип жатып, алардын "баарын аралаштырып салгандыгын" айткан.
Анткен менен "репутация боюнча кеп-сөздөн улам" Франция Киевге курал берүү боюнча жаңы пландарын жарыялаганын, анын ичинде 78 САУ Caesar бар экенин жазышты. Басылма бирок "француздарга таандык болгон ойдолоктоо" башталганын, Париж наркы 50 миллион еврого 12 гаубица сатып алууну каржылаарына убада кылганын билдирген. Андан сырткары, өзү жүрүүчү 60 техниканы "Украинанын союздаштары" төлөөрүн айтып, бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган эмес.
Россия буга чейин НАТО мамлекеттерине Украинага жиберилген курал-жарак боюнча нота жөнөткөн. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Киевге багытталган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Ал НАТОнун өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берип "от менен ойноп жатышканын" эскерткен. Анын АКШ менен НАТОнун Украинадагы чатакка "курал менен жабдып эле жардамдашып тим болбостон, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка мамлекеттердин аймагында кадрларды даярдап берип да катышып жатканын" айткан жайы бар.
Европа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүгө каршы
Жаңылыктар түрмөгү
0