Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүгө каршы

© AP Photo / Virginia MayoЕвропа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт
Европа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Подводка: Буга чейин Украинанын премьер-министри Киев Европа биримдигинен, АКШдан, Эл аралык валюта фондунан, союздаш мамлекеттерден 30 миллиард доллар каржылык жардам алууну көздөп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Германия жана Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрү Украинага 20 миллиард еврого чейинки көлөмдөгү аскердик жардамдын берилишине каршы чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянып жазды.
"Европа биримдигинин Украинага аскердик жардамга дээрлик 20 миллиард евро бөлүүсү боюнча планына ЕБ мүчөлөрү тарабынан каршы пикирлер айтылууда, ошондуктан ал планга өзгөртүүлөр кириши мүмкүн", — деп жазылган агенттиктин маалыматында.
Аты аталбаган дипломаттардын биринин айтымында, Украинага аскердик жардам берүү үчүн чыгым кылууга каршы өлкөлөрдүн катарында Германия да бар.
"Мен азырынча аны (планды) ушул этабында жокко чыгарылды деп айта албайм. Бирок, албетте, аны дайыма жакшыртууга болот... Германияда көптөгөн суроолор жаралды... алардын баары толук түрдө негиздүү. Кеп ири суммадагы акча тууралуу болууда", — деген ал.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Киев Европа биримдигинен, АКШдан, Эл аралык валюта фондунан, ошондой эле союздаш мамлекеттерден 30 миллиард доллар каржылык жардам алууну көздөп жатканын билдирген. Бул каражат мамлекеттик бюджеттеги тартыштыкты жабуу үчүн керек деген жүйөө келтирген.
Ушул жылдын июль айында Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Европа Тынчтык фондунан Украинага алдыдагы төрт жыл бою аскердик жардамга жыл сайын 5 миллиард евродон бөлүп турууну сунуштаган.
Европа Тынчтык фонду (European Peace Facility, EPF) ЕБде 2021-жылдын март айында чыр-чатактарды алдын алуу жолдорун арттыруу жана эл аралык коопсуздукту бекемдөө үчүн түзүлгөн. Фондду каржылоо 2021-2027-жылдарга карата болжолдуу 5,7 миллиард евро деп эсептелген.
Өткөн жылы Европа биримдигинин мүчөлөрү Украинага аскердик жардам жеткирген өлкөлөргө аталган фонддон компенсация төлөөнү чечкен. Бул аракеттер фонддогу каражаттын мөөнөтүнөн мурда чыгымдалышына алып келген жана аны улам-улам толуктап туруу зарылчылыгын жараткан.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү Россия-Украина сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Украин аскер кызматкери Андреевкадан бир нече чакырым алыстыкта ​​басып баратат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец генералы: Россия Киевдин Куралдуу күчтөрүн талкалап, чабуулга даярданууда
Жаңылыктар түрмөгү
0