Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийге тынчтыкка барууга мажбур кылчу тылдагы көйгөйлөрдү кабарлашты

© AP Photo / Carolyn KasterУкраинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга иш сапары
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
Украина президентинин антироссиялык риторикасы европалык өлкөлөргө анча таасирдүү болбой жатат.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Украинага тылындагы көйгөйлөрдөн улам өзү үчүн пайдасыз болгон тынчтык келишимине барууга туура келет. Бул туурасында киевдик саясат таануучу Андрей Золотаревдун айтканын РИА Новости жазды.
Ал Politeka деп аталган YouTube-каналга маек берген.
"Макулдашып же өзүнүкүн айтып таңуулаш үчүн бекем, ишенимдүү тыл болуш керек. Батыш Украинанын тылы десек болот. Бирок ошол стратегиялык оорук 2024-жылы чөгүп жатат, бул абдан байкалууда", — деп белгилеген эксперт.
Анын айтымына караганда, Давостогу дүйнөлүк экономикалык форум Украина Батыштын приоритеттерине кирбей тургандыгын айкын көрсөттү. Киевдин пропагандасына карабай Украина темасы климат, энергетика жана социалдык маселелердин көлөкөсүндө калды.
Золотарев Глобалдуу түштүк мамлекеттери Зеленскийге "тынчтык форумаласын" колдобой тургандыгын кезектеги кадамы менен дагы бир ирет көрсөткөнүн айтты.
Украина президентинин антироссиялык риторикасы европалык өлкөлөргө анча таасирдүү болбой жатат. Мындан сырткары, АКШнын Конгресси алиге чейин Украинаны финансылоо боюнча келишимге жакындай элек. Аналитиктин пикиринде, Киев Американын акчасы жок, кыязы, Кремлдин шарттары менен тынчтыкка барууга аргасыз болот.
"Биз (украиналыктар — ред.) каардуу дүйнөдөн башка эч нерсени кыялдана албаган бир шарттарга туш келишибиз мүмкүн", — деген Золотарев.
Украинадагы абалды "тынчтык формуласы" менен жөнгө салууга багытталды деген форум 14-январда Давосто улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин деңгээлинде өттү. Ага 83 делегация катышкан.
Буга чейин Щвейцариянын ТИМ жетекчиси Иньяцио Кассис Украинадагы чатакты диалог аркылуу жөнгө салууда Россиянын ордун алмаштыра турган тараптын жоктугун жана тынчтык конференциясын Москвасыз өткөрүү мүмкүн эместигин билдирген эле.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова форумга комментарий берип жатып дүйнөдө Украинадагы туруктуулукту жөнгө салууга Россиясыз мүмкүн эместигин түшүнгөндөр арбып жаткандыгын, "Копенгаген форматындагы" жолугушуулар пайда алып келбестигин айткан.
Белгилей кетсек, Россия диалогго даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле.
РФ лидери Владимир Путиндин айтымында, Россия диалогдон эч качан баш тарткан эмес, бирок башка тарап да мындай кадамга даяр экендигин жаап-жашырбай түз билдириши керек.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский эми тынчтык сүйлөшүүлөргө Кытайдын катышуусу керектигин айта баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0