Трамп республикачылардын алдын ала жүргүзүлгөн биринчи шайлоосунда жеңе баштады

© AP Photo / Pablo Martinez MonsivaisАКШнын мурунку президенти Дональд Трамп
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Жазылуу
ЖМКлар саналган 40 миң добуштун жыйынтыгында Трамп болжол менен республикачыл тарапташтарынын 52 пайызынын колдоосуна татыганын, мунусу менен жарыштагы лидерлигин бекемдегенин жазууда.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Айова штатында Республикачылар партиясынын талапкерлеринин алдын ала шайлоосунда жеңишке жетип жатканын саясий бирикме жарыялаган жыйынтыктар көрсөтүүдө. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Буга чейин Айова штатында АКШдагы алдын ала шайлоолордун сезону ачылганы кабарланган эле.
ЖМКлар 40 миң добушту саноонун жыйынтыгында Трамп болжол менен республикачыл тарапташтарынын 52 пайызынын колдоосуна ээ болуп, жарыштагы лидерлигин бекемдегенин жазууда. Анын артынан эле Флорида губернатору Рон Десантис (20 пайыз) жана АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы өкүлү Никки Хейли (19,4 пайыз) келе жатканы айтылды.
Талапкерлердин бешилтигине бизнесмен Вивек Рамасвами да кирген, бирок ага шайлоочулардын 7,8 пайызы гана добушун берген.
Трамп алдын ала тандоонун жыйынтыгына көңүлү тоюп турганын билдирген.
"Биринчи мүнөттөрдө эле татыктуу атаандаштарымды жеңип жатканым ири сыймык", — деген сөзүн Fox News телеканалы берди.
Республикачылар бирдиктүү талапкерин чыгарыш үчүн "кокус" деп аталган конференцияларды өткөрүүдө... Айова июлда республикачылардын курултайына 40 делегатты жөнөтөт, алар "кокустардын" жыйынтыгы менен талапкерлер арасында бөлүнөт. Улуттук курултайда 2,5 киши добуш берет, ал эми аныкталган талапкерге 1 215 шайлоочунун добушу керек.
Съездде демократтардан 3,9 миң делегат болот, жеңиш үчүн 1 969 добуш зарыл. Бул партиядагылар Айовада жыйын өткөрбөйт, алар добушун почта аркылуу берет.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Сурамжылоолор тараза ташы Республикачыл партиядан чыккан мурдагы президент Дональд Трампка ооп жатканын көрсөтүүдө. Ага каршы учурдагы президент Жозеф Байден ат салышмакчы.
Мигранты покидают отель в центре Нью-Йорка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Трамп президент болуп калса АКШнын тарыхында ири депортация болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0